Комуз кылын тапкан Камбар. Төрт кыл тагып чертмек черткен Атай Огомбаев

Комуз кылын тапкан Камбар. Төрт кыл тагып чертмек черткен Атай Огомбаев

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Кылым карыткан кыргыз комузунун добушу таңшый берсин!»

Бүгүн, 9-сентябрь — Комуз күнү. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады:

Урматтуу мекендештерим!

Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн өзгөчө символу — комуздун күнү менен куттуктайм!

Биздин элибиз үчүн комуз — жөн гана салттуу музыкалык аспап эмес, маданиятыбыздын туу чокусу „Манас“ эпосу менен катар, бабалардын даңктуу жолун урпактарга күү аркылуу жеткирип турган мурас.

Канча жылдар өттү, канча доорлор өттү. Ошол улуу жолубуздун баяны комуз кайрыктарында калып, муундан муунга өтүп, жандүйнөбүздү ойготуп, улуттук ар-намысыбызды шыктандырып келе жатат.

Рух табериги болгон комуздан керемет чыгармалар жаралып, ал күүлөр философиялык тереңдиги, музыкалык көп түрдүүлүгү менен эл аралык аренада таанылып келет.

Эки жылдан бери белгиленип жаткан Комуз күнү жыл сайын салттуу өткөрүлүп, жакшы жөрөлгөгө айланып, республикабыздын маданий турмушунда мындан ары да өзүнүн татыктуу ордун таба берет.

Кылым карыткан кыргыз комузунун добушу таңшый берсин!

Тарыхка кылчайсак…

Ичегиден жасалган үч кыл

Комуз, чeртмек — кыргыз элибиздин кылдуу чертме улуттук музыкалык аспабы. Комуз отургузулган жана жапайы жыгачтардан (өрүк, алмурут, карагай, арча, жапан тал алмурут) жасалат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган өрүктүн жыгачы сомдолуп, сууга кайнатылып, ышталып чабылган Комуз бек жана добуштуу болот. Комуз узундугу — 75 см. Комуз турпаты баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат. Эки четки кылы унисондо, ортоңкусу четкиге карай квинтага же квартага толгонот. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен жасалат. Негизи комуздун добушу кылга жараша да болот дешет. Илгери комуз кылы тоо чөбүн оттогон койлордун же тоо эчки-текелердин ийрилип жасалчу экен.

Муздак сууга салынган ичеги сыдыргы менен тазаланган соң, ийик менен оңго ийрилип, анан аябай кере тартылып коюлат (кийин кылдын ордуна тарамыш же жасалма тарамыш жип тагылып калды дешет).

Комузду мыкты чапкан усталар мурда-кийин көп эле болгон. Алар комуз да чапкан, аспапта мыкты ойногон аткаруучулардан да болушкан. Алар кылды добушуна жараша өтө кылдаттык менен тандашкан. Кээде бир койдун ичегисинен бир кыл гана жасалган. Мисалы, Айманбет, Жансерке деген ысымдар аталып, айтымында,  чебер комузчу жана мыкты комуз чапкан устасы Жансерке Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылынан болуп, залкар талант Чалагыз Иманкулов комуз черткенди, комуз чапканды ушул кишиден үйрөнгөн экен. Азыркы усталардан айтсак, Орозбай Кенчинбаев, Намазбек Уралиев, маркум Нурак Абдрахманов, сол кол менен комуз черткен бир тууган Рысбек, Камчыбек жана алардын агасы Жылкыбай Жунушовдор, Асылбек Насирдинов ж.б. кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес.

«Өрүктөн комуз чаптырган, Үкөктөп чарасын терең ойдурган»

Комузубуздун тарыхына кайрылсак,  анын жаралышы нечендеген кылымдардын тереңине кетет. Эски тарыхый булактарга сереп салсак, кытай тарыхчысы Анвар Байтурдун мындай айтканы бар: “Комуз музыкасы жаңы эрадан илгери биринчи кылымдарда ата мекенибиздин ички аймактарына таркаган. Жаңы эрага чейин 33-жылы Хан империясынын падышасы Хан- Юальдий ордо кенезектеринин бири болгон Ван-Хавчук деген кызды Уннулардын теңири кутуна “падышасына” узаткан. Бир канча жылдан кийин Ван-Хавчук өз мекенине Чоң-Аит шаарына кайтканда бир музыка ала келген. Конок ашында отурган бир аалым: “Бул музыканын аталышы кандай?” деп сураганда, ал: “Бул кобус деген музыка болот” деген. Ван-Хавчуктун айтуусу боюнча “кобус” кыргыздардын “комуз” деген сөзүнөн чыккан болсо керек”. Ал эми Эне-Сай кыргыздарынын байыркы комузу карагайдан жасалган, ичке саптуу, сүйрү баштуу, кайкый моюндуу, үч кылдуу, чарчы, сабына мончок тагылган деген маалымат да айтылат. Ал эми «Манас» эпосубузда  комузубуз сөз болгон жерлер бир топ. Мисалы, «Өрүктөн комуз чаптырган, /Үкөктөп чарасын терең ойдурган./ Тепкесин тайкы койдурган./ Ичеги кылын тактырган,/ Күүсүн уккан жактырган» деген саптарды кезиктиребиз.

Ичегиден кыл жасоону ким ойлоп тапкан?

Комуз бардык мезгилде изилдөөсүз  калып калган эмес.  Канча деген тарыхый музыка изилдөөчүлөр кайрылышкан, анын жаралышы кайсы кылымга таандык экенин изилдешкен. Маселен,  көптөгөн музыкалык аспаптардын ичинен комуз 11-кылымга таандык  Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүндө” кездешет.  Орус окумуштуусу С. Дмитриев болсо, “Түрктөрдүн руникалык жазууларынан 8-кылымдын башында пайда болгон кобуз кийин эң кеңири тарап, кала берсе азыркы улуттук маданияттын арасында Украинанын кобзосына салыштырсак, жалпы эле түрктөрдүн улуттук музыкалык аспабы катары кеңири белгилүү болгон” — деп жазган.

Айтор, узарта айта берсек, комуз жаралышы, башка аспаптарга жакындыгы, “кобуз”, “кобыз”, “кобус”, “кабаза” деп аталыштары бир  убактарда өзгөрүлүп айтылган, бизге “кобыз”, “копуз”, “кумус”, “хобус”, “хомыз”, “хомус”, “комус” болуп өзгөрүлүп жеткен, комузга окшош аспаптар толтура, биринчи бул аспап жаралган, жок, мунусу деген илимий божомол-жоромолдор бир кыйла.

Анткен менен, «Кубыз аспабын ойлоп тапкан йырау» деп өзүнө таандык кылып, биз менен катар «биздики» деп башкалар да тарыхый тамырын байланыштырып жүргөн Коркут ата кезегинде 18 миң ааламга кулак төшөп, 28 үн тыбышты бөлүп ажыратып, “кобуз” менен обон, үндү кошуп угармандарына жеткире алган болсо, Камбар деген кыргыздын бир азаматы бир учурда ичегиден кылды ойлоп таап, комуз аспабынын көркөмүн өзгөртүп, добуш чыкчу жерлерин тереңирээк кеңейтип, үн ыргактарын кулакка жагымдуу кылып добуш берип, жаңыча жаңылык кийрип комуз тагдырын ушу күнгө жеткидей кылганына биз, урпактар, сыймыктанып, сыймыктануу менен тарыхын айтып, чертип жүргөнүбүз бекеринен эмес го дейм.  Анткени комузубуз элибиз менен тагдырлаш, насиптеш. Комузубуз  илгертен, азыр да дүйнө элдерине абдан таанымал, дүйнө таңданган, дүйнө суктанган керемет аспап.  Комузубуз азыркы убакта бөлөк элдердин аспаптарынан айырмаланып анын моюн жагын манжалар басып, күү, обонго келтирген жеринде атайын бөлүнгөн пернелери (ладдары) жок. Анан да комузчуларыбыз бөлөк элдердин аспапчыларынан айырмаланып кол ойнотоор касиетке өтө чебер жана маштап черткен жагынан эч теңдешсиз келишет.

Төрт кыл тагып чертмек черткен Атай Огомбаев

Айтмакчы, кыргыздын комузуна үч кыл ордуна төрт кыл тагып чертип өзгөртүү киргизген айтылуу залкар комузчу Атай Огомбаев болгон. Бирок анын бул багытта мектеби калган эмес. Учурда комузга төрт кыл тагып черткендердин бири комузчу, обончу, ырчы Рысбек Жунушов. Айтымында, ал дүйнөлүк классикалык чыгармаларды үч кылдуу комузда чертип жүрүп, комуз мүмкүнчүлүгүн дагы жогорулатыш үчүн төрт кылдуу комуз чаап жасаган.

Урпактарга күү жеткирген улуу комузчулар

Комуз боюнча Кыргызстанда бир нече аймактык аткаруу мектептери калыптанган, ар бири стилдик өзгөчөлүктөрү менен айырмалана дешет. ХХ кылымда алардын ар биринен көрүнүктүү комузчулар чыгышкан. Мисалы: Ысык-Көл мектебинен Арстанбек, Муратаалы КүрөңкеевКарамолдо Орозов өздөрүнүн чыгармаларындагы терең философия жана өзгөчө стиль менен айырмаланса, Ош мектебинин алдыңкы комузчулары илгерки эски аткаруу салттарын бекем сактап кала алышкан дешет. Бул мектептин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири — Ниязалы комузчу. Талас мектебинин аткаруучулары мыкты чертүү шыгына, таң калтыраарлык кол ойнотууга жакын болушкан. Ал эми Нарын мектеби бардык мектептердин өнөрүнө шыктуу ( Майлыбай, Кудайберген, Муса) келишкен.

Дегеле, М. Жаманкараев, К. Белеков, А. Бейшүкүров, Н. БорошевТ. Сатылганов, К. Орозов, Ы. Туманов, А. Огонбаев, Ш. Шеркулов, Б. Мадазимов, А. Кыдырназаров, Ч.Исабаев, маркум Н.Абдырахманов, Р.Жумабаев, кыздарыбыздан М. Козубекова, С.Токтакунова, А.Эсенгулова, маркум Нурзат Орозалиева, кыргыз комузун дүйнөгө даңазалаган «Акак» комузчулар тобун жетектеп келаткан Ирина Сүйөркулова, улуу муун көчүн  улаган Кенжебек Алдаяр, Рахат Көчөрбаев, Закирбек Дүйшөнбек уулу сындуу, кайсы кылым болбосун, «көргөн көзгө жөпжөнөкөй», «үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл»комузубуздун добушу басылбай, шаңшып келатканына салым кошуп, күү маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсандарыбызга таазим.

Маалымат интернет булактарынан даярдалды.

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Учурда күүнүн «атасы» атыккан Кенжебек АЛДАЯРдын архивдеги маегин бул ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот. Ал эми аркардын мүйүзүнөн комуз жасап, жумурай журтту таңгалдырган Осмонакун ТОМОТОЕВдин маегин бул ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот!

One thought on “Комуз кылын тапкан Камбар. Төрт кыл тагып чертмек черткен Атай Огомбаев

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.