Кыргызпатентте комуз күүлөрүн жаӊырткан жаштар

Кыргызпатентте комуз күүлөрүн жаӊырткан жаштар

Комуз күнүнө карата бүгүн, 9-сентябрда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) маданий иш-чара уюштурду.

Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, аталган мекемеде комуз күүлөрү жаңырып турду.

Маданий иш-чараны Кыргызпатенттин статс-катчысы Талант Конокбаев ачып, өз сөзүндө комуздун кыргыз элинин турмушундагы ролуна кеңири токтолуп өтүү менен, белгилүү комузчулар Карамолдо Орозов, Токтогул Сатылганов, Ниязаалы Борошев, Ыбрай Туманов, Атай Огомбаев сыяктуу залкар инсандарыбыз кыргыз күүсүн байытып, улуттук маданиятыбызды жана баалуулуктарыбызды сактап, муундан-муунга рух табериги катары өткөрүп келишкенинин баса белгиледи.

Комуз майрамы манасчы Жанат Шакирт уулунун “Манас” айтуусу менен башталды. Андан кийин руханий маданиятыбызды жоготпой, алып жүрүүчүлөрдүн бири, белгилүү комузчу, КРнын эмгек сиңирген артисти Рахат Көчөрбаев, маданияттын мыкты кызматкери Фарида Өмүрзакова, белгилүү комузчу Рыспек Жунушев, Б. Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинин мугалимдери Асанбай кызы Айпери, Самарбекова Нурпейил, эл оозуна комузчулук өнөрү менен оозго алынып келе жаткан жаш комузчу Жетиген уулу Аскат, Санкт-Петербург шаарындагы А. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин студенти Алина Уланова, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайдын студенттери Насиров Руслан, Муратбек уулу Нурдан, кылым карыткан күүлөрдү аткарып берүү менен кыргыз комузунун улуулугун даңазалашты.

“Акак” комузчулар ансамбли А. Огомбаевдин “Маш ботой, Ш. Шеркуловдун “Үч-Муунак” күүсүн жогорку чеберчиликте аткарып беришип, майрамга өзгөчө бир шаң кошту.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.