Баткендеги мугалимге министр айлык акысынан ноутбук алып берди

Баткендеги мугалимге министр айлык акысынан ноутбук алып берди
Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Баткен районундагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимовага өз айлык акысынан ноутбук белек кылган. Ноутбукту  Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектепке барып тапшырса, мугалим министрге ыраазычылыгын билдирген.
Эске сала кетсек, мындан эки күн мурун интернетке окуучулардын үйдө билим алып жаткан сүрөтү тарап, соцтармакта катуу талкуу жараткан. Миргүл Эшимова ата-энелердин суранычы менен кайтарым байланыш каражаттарын окуучуларга түшүндүрүп берүү үчүн үйүнө чакырган. Мугалимдин мындай иш-аракетин Билим берүү жана илим министрлиги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызаарлыгын, дилгирлигин баалагандыгын билдирген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.