Соттолгон, акталган талапкерлер тууралуу БШК билдирди. Алар кайсы партиядан?

Соттолгон, акталган талапкерлер тууралуу БШК билдирди. Алар кайсы партиядан?

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин соттуулугу тууралуу ИИМ жана Жогорку соттон алынган маалыматтарды берди.

Ага ылайык, Боршайком баш-аягы 1 912 адамды талапкер кылып каттады жана анын ичинен 1 641и соттолгон эмес, 221 кишинин соттуулугу алынган, 50 талапкер боюнча соттун чечими чыга элек, беш адам Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган (сот жоопкерчилигине тартылды деп эсептелбейт), 26 киши соттон акталган, 19нун иши сотто каралып жатат.

Партияларга бөлүп карасак:

«Ооганстан согушунун ардагерлери» жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан 78 талапкер катталды. Анын 73ү соттолгон эмес, беш адамдын соттуулугу алынган (соттолгон эмес деп эсептелет).

«Мекен Ынтымагы» партиясынан 149 талапкер катталды. 129у соттолгон эмес, 18 кишинин соттуулугу алынган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок, экөө акталган.

«Ата Мекен» партиясынан 150 талапкер катталды. 130у соттолгон эмес, 18 кишинин соттуулугу алынган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок. Бир киши Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган, бир адам акталган.

«Мекенчил» партиясынын 136 талапкери бар. 108и соттолгон эмес, 24үнүн соттуулугу алынган, төрт талапкер боюнча соттун чечими жок, бир киши Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган. Экөө соттон акталган, бир адамдын иши сотто каралып жатат.

«Бир Бол» партиясынан 108 талапкер катталган. 96сы соттолгон эмес, 11нин соттуулугу алынган, бир талапкер боюнча чечим жок, бирөө акталган.

«Ыйман Нурунун» 101 талапкери бар. 85и соттолгон эмес, 11инин соттуулугу алынган, беш талапкер боюнча чечим жок, үчөө акталган, эки кишинин иши сотто каралып жатат.

«Замандаш» партиясынан 156 талапкер бар. 139нун соттуулугу жок, 15 талапкердин соттуулугу алынган, эки адам боюнча соттун чечими жок, бир адам акталган, бир кишинин иши сотто иликтенип жатат.

«Чоң Казат» партиясынан 81 талапкер катталды. 64ү соттолгон эмес, 15инин соттуулугу жоюлган, эки талапкер боюнча соттун чечими жок, экөөнүн иши сотто каралып жатат.

«Реформа» партиясынан 84 талапкер катталган. 78и соттолгон эмес, үчөөнүн соттуулугу алынган, үч талапкер боюнча соттун чечими жок, үч киши соттон акталган.

«Республика» партиясынын 166 талапкери бар. 145и соттолгон эмес, 18 талапкердин соттуулугу алынган, үч адам боюнча соттун чечими жок, үч киши акталган.

«Социал-демократтар» партиясынан 101 талапкер катталды. 78и соттолгон эмес, 13 талапкердин соттуулугу алынган, 10 адам боюнча соттун чечими жок, үч талапкер акталган, жети адамдын иши сотто каралып жатат.

«Биримдик» партиясынан 200 талапкер катталды. 170и соттолгон эмес, 24үнүн соттуулугу алынган, алты адам боюнча соттун чечими жок, алты талапкер соттон акталган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын 200 талапкери бар. 169у соттолгон эмес, 29 талапкердин соттуулугу алынган, эки адам боюнча соттун чечими жок, бирөө Административдик кодекс боюнча жоопко тартылган. Бир киши акталган.

«Ордо» партиясынан 100 талапкер катталды. 88и соттолгон эмес, сегиз талапкердин соттуулугу алынган, төрт адам боюнча соттун чечими жок, экөө акталган, экөөнүн иши сотто каралып жатат.

«Кыргызстан» партиясынан 102 талапкер катталды. 89унун соттуулугу жок, тогуз талапкердин соттуулугу алынган, төрт киши боюнча соттун чечим жок, төртөөнүн иши сотто каралып жатат.

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда соттолгон талапкерлер боюнча тизме тараган. Коомчулукта Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) иши тергелип жаткан жана соттуулугу жоюлганы боюнча маалыматы жок талапкерди парламенттик жарышка коё бергени сынга кабылды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.