Партиялар атагы, катар сандар «чатагы»

Партиялар атагы, катар сандар «чатагы»

Сан чымчымай

9-сентябрдын түнүндө БШК парламенттик шайлоого катышчу 16 партиянын шайлоо бюллетининдеги катар ордун аныктап берди. Кайсы партия канчанчы болбосун, шайлоо жыйынтыгын бир Кудай билет… Анткени менен, ишенип-ишенишпесе да, ар бири ичтен «бактылуу катар сан биздики» деп турган кези. Чын эле ошондойбу, аны сан сыпатынан байкайлы…

  1. «Биримдик». 1 саны лидерлик, курдет, көзкарандысыздык, жаӊы башталыш, жаӊычылдык, индивидуалдуулукка жакын дешет. Бул сан ээлери ойлонбостон ишке өтөт, жакшы-жаманды дароо айырмалап билет. Бирок кээде туура жолдон азгырган мүнөзү бар дейт.
  2. «Мекенчил». 2 санын нумерологдор сезимталдык, эптүүлүк, жумшактык, ийкемдүүлүк, серпилгичтик менен байланыштырышат. Бул сан ээлеринде музыканы, кооздукту жактырган мүнөз көбүрөөк байкалат. Ашынган кармашты жактырбайт, бирок, илгерилөө күчүн кайдан болсун табат.
  3. «Ыйман Нуру». «3 саны күчтүү сандардын бири» дешет сан адистери. Көп учурда ийгилик саны катары да кабылданат. Анткени менен, кыйчалыштан жол тапкан жерде башка кыйчалышты жаратып коюшу мүмкүн экен.
  4. «Мекеним Кыргызстан». 4 саны талапчыл мүнөздү, күнүмдүк ишке, жашоого зарыл гана кадамдарга умтулгандыкты, ишеничти билдирет дейт. Ошондой эле калган сандарга таяныч катары сыпатталат. Өтө кыймылдуу сан болгон менен, бирок, өзгөрүүлөрдү жактырбайт экен.
  5. «Реформа». 5 саны дайыма өзгөрүлүп турат, кыймыл-аракетке эӊ бай сан. Соода жана башкарууга тубаса жөндөмдүүлөргө таандык. Тайманбас, ар кыл тобокелчиликтерди жана укмуштуу окуяларды сүйөт.
  6. «Ата Мекен». 6 саны — дурус да, буруш да түшүндүрүлөт. Дурусу — бул санда милдет түшүнүгү өтө күчтүү. Айныгыс ынанымдарды талап кылат, керт башы үчүн иш кылганды жактырбайт. Бирок, кээде чечим кабыл алууда өтө өдөр же шашпаган мүнөз байкалат.
  7. «Замандаш». 7 саны көп элде, анын ичинде бизде да өзгөчө касиеттүү сан. Көбүнчө жакшылыктар менен байланыштуу. Сан адистеринин чечмелөөсүндө, бул сан өзүнө-өзү кожоюн. Иш-аракеттердеги бардык баалуулуктарды турмуштун бардык кырдаалында сынап көргөнгө умтулат.
  8. «Бүтүн Кыргызстан». 8 да ар кыл кабылданган сан. Бири чексиз кыймылды көрсө, бири сандагы эки тоголокто эки ойлуулук катылган дейт. Бул санда өкүмчүлдүк, талаптуулук, максаттуулук бар.
  9. «Социал-Демократтар». Бул сан да бактылуу сандын катарында. Ийгилик, кирешени коштоп жүрөт. Күжүрмөн аракетти сүйгөн сан. Бирок, туура эмес ишке ойлонбостон макул боло калчу «алсыздыгы» бар.
  10. «Мекен Ынтымагы». 10 саны да ар кыл чечмеленет. 1 жана Одөн турат деп, 1+0=1ге байланышкан мүнөздөмөлөрдү айтышат. Анткен менен 10 санын айрым нумерологдор негизги сандардын (1-9 сандары) «мүнөз сыпаттарын» түз да, кыйыр да байланыштырган өзгөчө сан көрүшөт.
  11. «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» саясий партиясы. Бул сан да 1+1=2 деген тартипте сапытталат. Бирок, айрым сан адистери, 11ди популярдуулук саны, а популярдуулук — жеӊишке жетүү шарттарынын бири дешет. Алсыздык, эмоция туткунунда калбаса эле, бул сан жакшы «коштоочу».
  12. «Ордо». 12-1+2=3 катары абдан жакшы сандардан дейт сан адистери. Анткени 1 жана 3түн бардык жакшы сыпат-сапаттарына ээлик кылып, 2 санындагы кемчилдиктерге үстөмдүк кылышат.
  13. «Бир Бол». Бул сан нумерологдор үчүн көпчүлүк ишенгендей бактысыз сан эмес. 1+3=4 деп, 4 санындагы мүнөздөмөлөрдү ыйгарышат. Анан 13 аягына чыгалек ишти, алдыдагы чымырканган иш-аракетти билдирет дешет.

14 . «Республика». 14 сан күчүнө ишенгендер. 14тү улам жаӊы башталыштарга умтулуу катары карашат. Экинчи жагынан, 13тү — 1+4=5 деп эсептеп, үч санга мүнөздүү сыпат-сапаттарды камтышат жана 5 санынын үстөмдүгүн айтышат.

  1. «Кыргызстан». 15 саны 1 жана 5тен турат. 1 ийгилик, жетишкендик, лидердик сапат жана өжөрлүк, 5 болсо, оор кырдаал-жагдайга бат ыӊгайлашуу, тапкычтык белгиси. Өзүнүкүн бербеген 1 санында — чынчылдык, бетке айтмай, ал эми 5тин ээси жан дүйнөсү, жүрөгү менен көп сүйлөшөт. 1 менен 5тин терс да, оӊ да жактары 15 санында басымдуулук кылат. Мамилеге ачык келишет, сүйлөсө тилдеринен чаӊ чыгат, жетеленме эмес, бирөө менен бат макулдашып, кол алышса келишимди бузушпайт, эпчил келишет, адам көӊүлүн бат табышат. Терс жагы: ишенчээк, ээрчиме келишет, алды-артын байкап иш кылгандан аксап, зыянын көп тартышат; укмуш идеяларга, жасалма баалуулуктарга жамынган эпчилдерге алданып мыйзамсыз жолдорго жетеленишет; кумар оюндарына жакын болуп, лотерея, байгелүү оюндарга көп үмүт артышат.Айтмакчы, 1+5=6 бул үч сан айкалышында 6 саны таасирдүү келет…
  2. «Чоң Казат». 16 санын 1+6=7 — ушул үч сан амалында мүнөздөшөт. Б.а. 16да 1, 6, 7 санына мүнөздүү кыял-жоруктар, мүнөз-сапаттар бар. Сан эсепчилери 16 санында гумандуулук, жоопкерчилик, чынчылдык, эрудиция, баамчылдык, сезимдүүлүк, зээндүүлүк, чебердүүлүк, билимдүүлүк, тактык мол дешет. Терс сапаттары: азарланышат, ашыкча кайгырып чүнчүшөт, курулай шектенүү, түнт, пайдасыз ишке тез берилишет, кээде ашыкча текебер келишет. Айтымында, мындайлар өздөрүн аалам төрөсү санашат, ачуусун кармай алышпайт, айрым жагдайларда мушташканга да даяр. Оӊ сапаттарга аналитикалык ой жүгүртүү, ички туюм, жаӊычылдык, өзгөгө камкордук мүнөздүү, көйгөлөрдү чечүүдө башкалар элес албаган чечимдерди табышат, зээндүүлүк, чебердик менен ошол чечимдерди ишке ашырышат. Бирок айтылган оӊ сапаттын бири эле кем болсо, мындай жетишкендиктер жаралбайт.

Билесизби?

Сан адистери ал же бул партияны талдагандан мурун, анын лидери кандай циклде турганын караш керек дешет. Эгер турмуштук цикли төмөндөп турса, анда тегерегине андай цикли өсүп-өрлөп бараткан адамдарды топтошу керек. Айтымында, «чоӊ турмуштук цикл» деп төрөлгөндөн 70 жашка чейинки учурду карап, аны «көтөрүлүп бараткан» жана «басаӊдап бараткан» деген эки этапка бөлүшөт. Ал экөө 7 жылдык 5 циклге бөлүнүп, биринчиден экинчиге өткөн өткөөл мезгил 35 жашка эсептелет экен. 35 жашка чейинки учурду психиатр К.Г.Юнг «экстраверт этабы» атайт. Тагырагы, бул кезде адамдын психикалык, акыл-эс жана чыгармачылык потенциалы сыртка, «эл көзү үчүн» багытталат. Тагырагы, талапкерлердин кимиси отузунда баш, кимиси элүүсүндө али жаш экенин жаӊырган парламент курамынан билебиз. Эгер жаӊырса…

Даярдаган Салима  ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Тээ бир заманда даанышман Пифагор «бардык нерсенин негизинде сан жатат» деп айткан экен. Албетте, ал киши саясатты айтпаса да, сан кереметине ишенген талапкерлер болсо, дараметти 4-октябрдагы шайлоо көрсөтөт. Албетте, административдик ресурс роль ойноп кетпесе… Анан шайлоочуларыбыз да «макоо», «аӊкоо», «сокур» же «унутчаак» эмес. Шайлоодон шайлоого жеткен беш жыл аралыкта партиялардын бюллетендеги катар саны роль деле ойнобой, беш жыл ичинде «казанда эмне болсо чөмүчкө ошол чыгып келатканы» баарыбызга маалым. Болгону добуштар сатылып акча роль ойноп кетпесе…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.