ШТАБ: «Коронавирус 67 кишиден аныкталды. Каза болгондор жок»

ШТАБ: «Коронавирус 67 кишиден аныкталды. Каза болгондор жок»

Коронавирус 67 кишиден аныкталды. Каза болгондор жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. Алардын айтымында, Бишкек шаарында – 20, Жалал-Абадда 14, Ошто — 10, Баткенде — 9, Ысык-Көлдө — 7, Чүйдө жана Нарында үчтөн, Таласта бир адамдан вирус табылган. Учурда COVID-19 илдетине чалдыккан 517 бейтап ооруканаларда, 2054 бейтап үйүндө дарыланууда.

Эске сала кетсек, коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда мартта башталган. Айрым аймактарда (25-мартта) өзгөчө абал режими киргизилген. Мындай эреже 11-майдан тартып токтогону менен  иш-чараларга чектөө бар.

Жалпысынан алганда, март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44828 адамга жугуп, алардын 40 779у айыгып чыгып, 1063 адам каза болгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.