“Ыйман Нурунан» бир талапкер чыкты. Эмнеге?

“Ыйман Нурунан» бир талапкер чыкты. Эмнеге?

Бүгүн, 14-сентябрда БШК жыйын өткөрүп, “Ыйман Нуру” партиясынан талапкер (тизмеде 15-орунда турган) Муратбек кызы Айперини тизмеден чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, мындай чечимди Муратбек кызы Айпери өзү кабыл алган. Ал тизмеден чыгуу тууралуу арызды БШКга 12-сентябрда берген.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо үгүтү 4-сентябрда башталган. 16 саясий партия ат салышууда. 4-октябрда — парламенттик шайлоо болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.