Атыр АБДРАХМАТОВА: «Спикердин сүйүнчү акчасы административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелет»

Атыр АБДРАХМАТОВА: «Спикердин сүйүнчү акчасы административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелет»

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп аттанган ЖК спикери Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү бергени социалдык тармакта катуу талкууга алынды…

БШК мыйзамы…

Шайлоого аттанган талапкерлер үгүт маалында кайрымдуулук иштери менен алектенбеши, жарандарга эч кандай акчалай жардам бербеши керектигин БШК эскерткен. Шайлоо эрежелерине ылайык, үгүт маалында адамдарга берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп саналат.

Бул маселе боюнча БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова кайрылсак, ал Дастан Жумабеков өз макамын пайдалануу менен үгүт маалында берген сүйүнчү пул административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелерин баса белгиледи.

Спикердин басма сөз катчысы эмне дейт?

Спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков талкуу жараткан окуя боюнча журналисттерге мындай түшүндүрмө берди: «Дастан Артисбекович жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин ысымын ыйгарган экен, ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү».

Эске сала кетсек, кечээ, 14-сентябрда интернеттеги социалдык түйүндөргө «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланып, эртеси эле өчүрүлгөн. Ага чейин БШК аталган партияга балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы боюнча эскертүү берген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Атыр АБДРАХМАТОВА: «Спикердин сүйүнчү акчасы административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелет»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.