Жеңиш ЭДИГЕЕВ: “Кардын алдында калган сизге жакшыбы же бизгеби..?!”

Жеңиш ЭДИГЕЕВ: “Кардын алдында калган сизге жакшыбы же бизгеби..?!”

Ушундай аталышта 2012-жылы, декабрь айында «Де-факто» гезитине жарыялаган. Аны Женевада жашап, иштеп жаткан калемдешибиз Жеӊиш Эдигеев жазган.

Айтылуу Эшимканов Мелис Асаналиевичтин каза болгонуна бүгүн туптуура 9 жыл болуптур. 8 жыл мурун жазылган эскерүүнү берип коюуну чечтик. Ал алдыӊыздарда…  

Эрнис менен сүйлөштүм. Асек уулучу… «Байкемдин документтерин, өлүмү тууралуу справкасын, соцфонддогу кагаздарын бүткөрүп атам»,- деди. Анан унчукпай калат… Мен да үндөбөй… телефондун туткасын мыжып, ошол күздүн дирилдегиндей болуп… Анан «байкушум, ал өзүнүн өлгөнүн деле түшүнбөй калды» — деди. «Дирт» этип кан өткөнчө «түшүнбөй» үзүлүп бараткан элеси келип, айрылуунун канчалык азап экени сезилип, ушуга да чыдайсын, көтөрөсүң деген кудайды эстеп… Мындан сегиз жыл илгери менин дагы жакын адамым өтүп, алиги Эрнис айткан справкага баргам. Маркумдарды тейлеген мекемеге. Справка берген соң, «Паспорту биякта калат!» деп аны үйүлгөн паспорттор үстүнө ыргытып койгон эле… Ошол үйүлгөн паспортторду эмгиче эстейм… Баарыбыз бир күнү чоочун бир колдон «топ» этип барып ошол үймөккө кошулаарбыз деп. Тизмеден өчөөрбүз деп… Көп калемдештерим жазды. Эскеришти. Жоктошту. Өзгөчө эски «Асаба», «Агымчылар» Эшимкановдун летучкасынан кайрадан жолуккандай болдук. Корккон, сүрдөгөн, каткырып боор эзилген, мактоо угуп көкөлөгөн, жеме угуп шылкыйган ошол летучкалар. Ошондогу сөз, энергия, идеялар азыр да буюккан көчтөй, ээсиз көчтөй бир жерде калкылдап, айланып жүргөндөй туюлат. Сагынып жүргөндөй сезилет. Эми да ошондой доор, ошондой сөз айтылса дегенсип. Сөздөр жазылса дегенсип. Ошол «Асаба» жабылганда дейм, Мелис байке: «биз өлбөйбүз, мындан ары «Агым» болуп чыга беребиз» дебедиби. «Агым» дейби!?, «агым», «агым» ушундай да гезиттин аты болобу деп кулактын көнбөгөнүн айт. Көрсө, Эшимканов эбак кийинки күрөштү ичинен бышырып коюптур, эбак ага даяр экен. Көрсө, бийлик күчтөп токтоткон соң, Эшимканов өзүнүн ички дүйнөсү анан ошол кездеги коом менен бирге, күйөрман, окурмандары менен кошулуп чо-оң бир тосмого, зор бир дамбага барып такалып калган экен. Чыдабай. Ашып, ташып. Мына анан «Агымдын» келиши менен баягы араң турган дамбанын жарылганын айт. Кайрадан акканын айт. Ал көп айтчу «суу акпай калса, ал сазга айланат, анан сасыйт”деп. “Суу агып туруш керек. Ошондо адал болот” деп. “Аккан сууда арам жок” деп. «Агымдын» чыгышы менен кыргыздын ошол сөзү ого бетер көркүнө чыкты. Шартылдап аккан суу болуп… Ал ири алды кол алдындагы мага окшогон жазмачтарын, гезит тааныган окурмандарын токтобой агып жашаганга үндөп, үйрөтүп жашады. Токтоп калбай, кан тазалап, жаныча ойлоп жашаганды жадабай айтып жашады. «Мен эмнеден корком? Өзүмдүн тирүү өлүккө айланып калганымдан…» дечү. Анысын өмүрү өткүчө далилдеп өттү. Дүкүлдөгөн паровозго тыным бербей от күрөгөн сыяктуу. Кыргыздын соңку 25 жылдык тарыхында Эшимканов андан бир ирмем да башын катып, сыртта калбаптыр. Болгондо да идеологияны, элдин аң-сезимин баштап жүрүп отуруптур. Бул эрдикпи же убагында биз байкабай өткөргөн арабыздагы байыркынын акылманы же асан кайгысы беле? Ал өлкөнүн дээрлик төрт падышасы менен алышып жашады. Төртөө менен тең достошуп да кыл чайнашып да көрдү. Ал дайыма адамдын биз көрбөгөн ички жагын көрүп тураар эле. Бир касташып эртеси кайра достошкону мына ошондонбу дейсин. Кол алдында кабарчысынан өлкөнүн Хандарына чейин ачуу сөзун да акылын да айтып сайрагандан тажаган жок. Бул баатырдыкпы же Бакайлык касиети беле? «Эшимканов Кыргызстанды 20 жыл башкарды» деп өлгөн соң моюндап отурушкандары мынакей ошондон. Эчен ирет шарты, кезеңи келип турса да ал эч качан быкшыган манап болгон жок, же «бетинен бит тайыган» креслодон көчүгү чыкпаган ичип-жегич аталган жок, курсак байлап, жал чайнаган кыргыз байлыкты жерип өттү. Өзү айткандай, үч кана нерседен коркуп жашады: Кудайдан, Абийиринен, анан Кубат акесинен. «Щедрин жазмакчы «жил дрожал, и умирал дрожал» жашоосунун атасынын оозун урайын» деп. Анан жалкоолукту жининдей көрдү. Гезиттин жыйындарында «силердин жумушка мамилеңер кандай болсо, үй-бүлөңөргө да мамилеңер так ошондой. Анткени аз иштейсиңби — аз табасың!» дээр эле. Эмне үчүн аны баары сүйүшчү? Анткени ал алдына ким келсе да, ага тагдырлаш боло калчу. Себеби, ага калп эле асмандагы жалпы суроону айтчу эмес. «Иним, эмне апаң өтүп кеттиби, досуң сатып кеттиби, ичтиңби, ажыраштыңбы, мушташтыңбы… » деп, ар бирине өзүнүн тагдырын жууруп, ким болсо да, ошого тең болуп, акыры ага бир жарыкты көргөзүп, жолуна салып жөнөтөөр эле. Ал бардык жетем деген ниетине жетип келди, бир билгенден жалгыз гана кинорежиссерлук буйурбай калды. Сааты чыкпады окшойт. 48 жаш өмүр жетпеди окшойт. Буйруганда балким анда да тамшантып бирдин ичинен чыкмак дейсиң… Бүгүн болсо эшикте кар себелеп атыр. Декабрдын муздак кары. Ушул кардын астында калган сага жакшыбы же эски тириликти эптеген бизгеби? Сени жуткан жылды узатып баары калды. Баары турат баягыдай. «Фрунзеден сүйлөйбүз» деп радиону туурап апаңа эркелеген балалыгын, балдардан кыйын болсоң да, кодолугуңа арданып балыктын майын ичип , турникке тартынып, өжөрлөнгөн мектебиң, өскөн Кызыл Аскериң, Асанбайың, «Баягы Асаба» аталбай калган «Агымың», жандооч болуп кийик аттырганга жарабаган бир армия шакирттериң калды. Аккан, анан «акпаган» досторуң калды. Акүй, көкүй, кызыл желек, көк желек шайлоолор калды, дүрбөгөн. Добулбастап кайдагы — Акыйкатка үндөгөн баягы кымгуут аянт калды, эл калды. Телефон бурап, Эрнис менен сүйлөштүм. Эшимкановчу? «Байкемин атында фонд ачсак деп атабыз» деди. «Анан китебин…» деди. Анан унчукпай калат. Мен да үндөбөй. Ошол күздүн дирилдегиндей болуп…

Булак: «Alakan.biz»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.