Классика ырлардын атасы дүйнө салып, «Элмиралар» ыйлап калды…

Классика ырлардын атасы дүйнө салып, «Элмиралар» ыйлап калды…

Бүгүн, 16-сентябрда, Кыргыз эл артисти, обончу, композитор Калыйбек Тагаев 80 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун туугандары билдирди.

Алардын айтымында, К.Тагаев узак оорудан улам каза болгон. Маркумдун сөөгү, 18-сентябрда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Калыйбек Тагаев Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде туулган. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган. Ат-Башыдагы №1 мектепте мугалим болуп эмгектенген. Андан кийин, Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп иштеген. 1970–1974-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө окуп, Республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис болуп иштеген.

Маркумдун 120дан ашык обондуу ырлары бар, анын 60ка жакыны Кыргыз радиосунун «Алтын казынасында» жазылган. 60 жылдан бери эл оозунда ырдалып келаткан «Элмира» аттуу ырын 20 жашында жазганын автор мааракесинде айтканы бар. Андан башка классикага айланып, эл жүрөгүнөн түнөк тапкан «Ат-Башым», «Долон», «Ак куулар Көлдө термелет», «Назгүлүм» аттуу ырлары бар.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.