Атыр АБДРАХМАТОВА: «Форма -2″ менен катталган шайлоочулар саны 315 000ге жетти»

Атыр АБДРАХМАТОВА: «Форма -2″ менен катталган шайлоочулар саны 315 000ге жетти»

Бул тууралуу БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүн, 17-сентябрда билдирди. Анын айтымында, «Форма-2» менен катталган шайлоочулар саны тез өсүп жатат, азыр 315 000ге жетти. Мындай көрсөткүч 13-сентябрда- 253 миң, 8-сентябрда 188 миң болгон. Форма-2 боюнча катталуу мыйзамда каралган чекке кыска убакытта эле жеткенин айткан Атыр Абдрахматова шайлоо участкаларын текшерүү керек дейт.

Мыйзам боюнча, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрда башталган. №2 форма документи Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен бери (2011-жылы президенттик шайлоодо башталган) колдонулуп келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.