ЭЛЧИЛИК: «Түркия шайлоого 100 миң доллар берет»

ЭЛЧИЛИК: «Түркия шайлоого 100 миң доллар берет»

Түркия мамлекети Кыргызстандагы шайлоого жардам катары 100 миң доллар берээрин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Маалыматка таянсак, бул акчалай жардам 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө. Аталган каражатка автоматтык урна, монитор жана шайлоочуларды идентификациялоочу жабдыктар сатылып алынат.

Эске салсак, шайлоо 4-октябрда өтөт, ага чейинки бир айлык үгүт иши 4-сентябрда башталган. Шайлоого катышуу  укугун алган 16 саясий партиянын айрымдары учурда үгүт иштерин катуу жүргүзүп жатышат.

Айтмакчы, шайлоого көз салуу үчүн ЕККУ, КМШ өлкөлөрүнөн, Түрк кеңеши ж.б. эл аралык уюмдардан 25 байкоочу катталган. БШК маалыматына караганда, алардын 18и Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), беш байкоочу алыскы-жакынкы КМШ өлкөлөрүнөн, экөөсү Молдованын Боршайкомунан. Мындан тышкары жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын байкоочулары да катталууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.