Казакстанда куш тумоосунан үй канаттуулары кырылып жатыптыр…

Казакстанда куш тумоосунан үй канаттуулары кырылып жатыптыр…

Түндүк-Казакстан облусунда жогорку патогендүү куш тумоосу жайылып жатканын Казакстандын Айыл чарба министрлиги маалымат таратты. Алардын маалыматына караганда, 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин Түндүк-Казакстан облусундагы 7 райондо үй канаттууларынын массалык өлүмү катталган. Ушу тапта аймакка вакцина жеткирилген. Облуста дезинфекция иштери башталып, канаттуулардын өлүгү жок кылынууда. Бүгүнтөн (17-сентябрдан) тартып аймактан канаттуулардын этин, жумурткасын чыгарууга тыюу салынган жана калктуу конуштарга карантин режими киргизилген.

Ошондой эле, бийлик өлгөн канаттуулардын ээлерине компенсация төлөп берүүнү убада кылган. «Республикалык бюджеттин эсебинен канаттуулары өлгөн жарандарга компенсация берилет. Бул үчүн атайын комиссия түзүлүп, канаттуулардын базардагы орточо баасына ылайык акча төлөнөт» — деп билдирген облустук акимчиликтин өкүлү.

Эске сала кетсек, өткөн жумада айрым басылмалар Түндүк-Казакстан облусундагы үч райондо үй канаттууларынын жапырт өлүмү катталганын кабарлашкан. 26-августта Казакстан, Орусиянын Омск облусунда куш тумоосу катталгандыктан, ал жактан канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салган. Орусиялык ЖМК маалыматтарына караганда, тумоо райондордун жарымында катталып, дале болсо жайылууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.