Кыяз МОЛДОКАСЫМОВ: «4-октябрда -3-революция болушун каалайм!»

Кыяз МОЛДОКАСЫМОВ: «4-октябрда -3-революция болушун каалайм!»
Ушундай темада белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына ушундай пост калтырды. Ал эмне болгон революция экенин төмөндөгүдөй түшүндүрүптүр:
— Мага жолуккандар, кайрылгандар «Сиз кайрадан революция болушун каалап, элди үндөп жатыпсыз. Революциянын кандай экенин, анын жемишин кимдер пайдаланарын көрдүк. Эми тынч эле жашабайлыбы»», — деген пикирлерин айтышууда. Андыктан революцияны эмнеге каалап жатканымдын жөн-жайын түшүндүрүп коюуну туура көрдүм.
«Революция» деген сөз өлкө жарандарынын көкөйүнө көк таштай тийип, үшүн ала турган сөзгө айланды. Бирок, алдыдагы шайлоодо мен 3-революция болушун каалар элем. Бул революция ызы-чуу кылып көчөгө чыгуу менен эмес, кан төгүү менен эмес, маредорлук кылып дүкөндөрдү талкалап, банк кутучуларын талап-тоноо менен эмес, бийликти бир ууч топ гана өз кызыкчылыгын көздөп басып алуу жолу менен эмес, акчага сатылбай, куру убадаларга алданбай, арамдык аркылуу эмес, акыл, жандүйнө, мекенчил, мамлекетчил намысты туу тутуп, туура добуш берип, өлкөнү кыйраткыч күчтөрдөн сактап калуу төңкөрүшү болсо деп тилейм!
Биздин өлкө аталышы жагынан Парламенттик башкаруудагы мамлекет. Башкы мыйзамыбызда да ушинтип жазылган. Бирок, азырынча аты менен заты дал келе элек. Маселени ушул өңүттөн алып караганда, алдыдагы шайлоо өлкөнүн тагдырын чечүүчү шайлоо болууда. Бирок, аттанган партиялардын программаларын, тизмедеги талапкерлердин тизмесин талдоого алганда пессимистик маанай жаралат. Алдуу-күчтүү эсептелген партиялардын тизмесин карасак буга чейин өзүн жакшы жагынан көргөзө албаган, шайлоо учурунда гана элге жалган убадаларды берип, акчасын чачып, бийликке келгенде бет кабы сыйрылып, таптакыр башка адамга айланып кетекендер түзүптүр. Эми алар кайрадан эле жаңы бет кап тагынып, ар кайсыл партияга өтө качышып, популисттик чакырыктар менен кайрадан шайлоого аттанышты. Аларды кайрадан тизмеден көргөндө келечектен түңүлгөндөй болосуң. Ошол эле учурда көпчүлүк партиялардын тизмесинен өлкөдөгү аттуу-баштуу жазуучу-акындардын, өнөр адамдардын, окумуштуулардын, ал гана эмес пандемия кезинде ажал менен алышкан өмүр сакчылардын, келечек муунду билим менен сугарган мугалимдердин тизмеси дээрлик жок. Интеллектер бул шайлоодо иттен чыгарылган сыяктуу. Эң кызыгы айрым партиялар тизмеге киргизилбеген дарыгерлер менен мугалимдерди өкүм зордукка салышып, добуш менен камсыз кыласың деп айдактап жатканы жийиркентет.
Айрым партия жетекчилери көз жаздым кылуунун далалатын жасап, алдыга жаштарды тизип, артынан шылдыңдуу карап, акмалап турганы да ачык байкалат. Баштагы убадаларын аткарбаганы аз келгенсип, эми жалганга ширелген, өтө примитивдүү убадаларды башкы программасы катары алып чыгышты. Аларды талдап, “болгон акылы ушуга жеттиби? — деп таң каласың. Президенттин улам-улам “Шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылгыла, форма 2ни токтоткула, акча тараткандарды жазалагыла!” – деген эскертүүсүн чымын чаккандай көрбөгөн партияларды көрүп, “мыйзамдуулукту сактабаган партияларга кантип анан мыйзам жазган, аны көзөмөлдөгөн эң жооптуу тизгинди ишенип берүүгө болот?” – деген олуттуу суроо туулат.
Эми өлкө тагдырын чечүүчү шоркелдей элибиз тууралуу да айтпай кетүүгө болбостур. Баш мыйзамда мамлекеттин ээси эл экени кашкайта жазылып турат. Бирок, биздин эл эчак ээликтен шыпырылып калганын сезишпейт. Алар эчак андай укуктарынан ажыратылган. Анткени өлкө жарандарынын дээрлик 90 пайызы эч кандай партияга мүчө эмес. Ал эми Батыштын акчасына жазылган мыйзамдарыбызда Парламент партиялык тизме аркылуу куралары кашкайта жазылып, андан ары акчаң болбосо арыңа карап аракет кыл деген түшүнүктөр менен бышыкталган. Өлкө калкынын 10 пайызын түзгөн олигархтар үй-бүлөлүк, кландык, аты бар заты жок карлик партияларын түзүп алышып, акчанын күчү менен шайлоонун тагдырын чечип келишет. Акчасыз жарандар шайлоого катышуу укугунан ажыратылганы мыйзам жолу менен бышыкталган. Аларга шайлоо учурунда гана жакын боло калган партиялар алдоо, сатып алуу жолу менен добушун уурдап алышканын шоркелдей элибиз да түшүнгүсү келбейт. Өз добушун сатуу арам экенин аңдап билүүгө алардын акылы, ыйманы, намысы жетпей келгени эң өкүнүчтүү. Бүгүнкү күндүн эң башкы коркунучу да дал ушул кайдыгерлик! Кайдыгерлик менен кулчулуктун, болгондо да башка мамлекетке көз каранды, кул болуп калуунун аралыгы бир кадам эмес, бир карыш!
Мына ушуларды ойлогондо, азыркы шайлоо өнөктүгүн талдоого алганда дене боюм дүркүрөп, бизге 3-революция өтө зарыл экенин баса белгилегим келет. Ал революция аң-сезимдин, арамдык эмес адалдыктын, жандүйнөнүн, ыймандын, намыстын революциясы болушун тилейм!
Кыяз МОЛДОКАСЫМОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.