БШК Жумабековду «депутаттыкка талапкер» макамынан ажыраткан жок, эскертип гана койду. Эмнеге?

БШК Жумабековду «депутаттыкка талапкер» макамынан ажыраткан жок, эскертип гана койду. Эмнеге?

Биздин БШКнын Маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун спикер Дастанбек Жумабековдун «талапкер» макамын жокко чыгаруу сунушу 18-сентябрда БШК жыйынында каралды. Күтүлгөндөй эле сунуш суу кечпей калды. БШК «Кыргызстан» партиясына шайлоо эрежесин сактоону эскертүү менен гана чектелди.

Эске салсак, «Дастан Жумабеков жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергенин төрагалык макамынан пайдаланып жарнама кылып шайлоо мыйзамынын эки беренесин бузду» деп БШК мүчөсү Атыр Абдракматова биринчилерден болуп айтып чыккан. БШК анда «иликтөө зарыл, жумушчу топ күмөндүү жагдайларды тапса, карайбыз» деп коюшкан.

Тактай кетсек, талаш-тартышка себепкер окуя ЖК төрөгасы Дастан Жумабековдун Таластагы иш сапарында жаңы төрөгөн жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергенине байланыштуу жаралган. Ал учкай жаӊылыкты Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы спикерди «Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Буура районундагы ооруканада болду, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берди» деп сүрөттөрү менен жарыялап, коомчулук реакциясынан улам 3 жолу (!) оӊдоо-түзөтүү киргизген эле. Алгач акча спикердин фондунан бөлүндү деп, кийин Жумабековдордун көрүндүгү деп, соӊунда «акча төрага фондунан бөлүндү» деген биринчи оӊдоого кайтып келишкен болчу.

Айтса-айтпаса төгүнбү дегендей, төрага фонду бул мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежелерине ылайык, талапкер үгүт учурунда мамлекеттик каражатты колдонсо, административдик ресурсту пайдаланган болот; өз чөнтөгүнөн берсе — добуш сатып алууга кирет.

Кыскасы, төраганын сүйүнчү пулу анын төрагалык иш сапарындагы иш болуп калды. Анткен менен, Дастан мырза талапкер болгон «Кыргызстан» партиясы мурунку шайлоодо пайдаланган «төрөлгөн балага сүйүнчү пул 50 миң сом» деген убада-ураанын кайталап керектеп жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.