Пандемия учурундагы министр Космосбек Чолпонбаев камалды. Эмки кезек кимде?

Пандемия учурундагы министр Космосбек Чолпонбаев камалды. Эмки кезек кимде?

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кечээ, 17-сентябрда кечке жуук чыгарды.

К.Чолпонбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Ал «кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен 15-сентябрда кармалган.

Эске сала кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата «шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Териштирүүнүн алкагында экс-министр 6-июлда суракка чакырылган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган. Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. 2020-жылдын 1-апрелинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргызстанда коронавирус илдети алгачкы жолу 18-мартта катталган. 15-сентябрга карата бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 45 миңден, ал эми оорудан көз жумган адамдардын саны миңден ашты. Коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандардын көбү июнь-июль айларына туура келет.

Кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү пандемиянын Кыргызстанга алып келген мындай оор кесепети үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген мурдагы өкмөттү күнөөлөп келатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.