Элдар АТТОКУРОВ: «Билдик, баары акчалуунун колунда. Мунун арты «Акыр заман» эмеспи?»

Элдар АТТОКУРОВ: «Билдик, баары акчалуунун колунда. Мунун арты «Акыр заман» эмеспи?»

Шайлоого аттанган партияларды, дебатка келген лидерлерди, жаш талапкерлерди карап отуруп бааӊды бересиӊ. Тыӊ, чындап эле мекенге күйгөн, элин сүйгөн жаш талапкерлер бар экен. Бирок, партия тандоодо жаӊылышыптыр.  Амбицияларын артка таштап, ар кай партияга чачырабай баары биригип партия түзүп шайлоого барышканда, ошондо жаӊы жүздөр келип элге чындап дем бермек. Маселен, жаӊы жүздөр басымдуу «Ордо» партиясында экен. Бирок,  буларда самандай чачылган акча жок болгондуктан, өздөрүн калыӊ элге жакшы тааныта албай жатат. Ошентсе да эл аралап үгүт иштерин жүргүзүшүүдө. Бул партиянын сап башында экинчи катарда бараткан 43 жаштагы Элдар Аттокуров шайлоодо партия тандоодон жаӊылбоого, добуш сатпоого, бөлүнүп-жарылуудан алыс, ар бир ишке калыс болууга калкты үндөп келет.

«Дүйнө кезип кетти Кыргыз таскагы,

Тирилик – деп акча издеп тапканы.

Чөнтөгүңө салсаң салгын, а бирок,

«Жан дүйнөңө» сала көрбө акчаны.

Куйкалады канча доордун аптабы,

Алсыратты канча жоонун чапканы.

Эгемендик доорун сүрүп жатсак да

Чарчатууда саясаттын капшабы.

Окшош биздин тамырыбыз, каныбыз,

Мекен үчүн! — жашайт биздин жаныбыз.

Чоң мухитте Кыргызстан кемесин

Бөлүп-жарбай жылдыралы баарыбыз!»  деп Элдар, калеминен жаралган саптар менен улуу болуу, улут болуу чакырыктарын жазып жатат.

Акындын калеми сүйүнгөндө, анан күйүнгөндө кыймылдайт. Аны менен ак баракка жандүйнөнүн кыйкырыгы жазылат. Анда, Элдардын «Калемим» аттуу ырына кулак төшөп көрүӊүзчү:

«Мен өзүмдү издеп көрүп жаңыдан,

Учкул ойлуу кыялдардан табылам.

Анан дагы түпкүрүнө таң берем

Миң сыр жаткан алтын учтуу сабынан.

Бул кайдан деп, түнү кечке толгоном.

Ойго түшүп түбү такыр толбогон.

Акыр соңу калемиме баа берем

Ар бир сөздү сыйкыр кылып оңдогон.

Асыл ойдун кереметин жараткан

Сени менен канча жолу таң аткан.

Жаратканга анан сага баш ийем

Келечекке изин салып бараткан»

Элдардын үгүт ишиндеги үшкүрүгү да ырга айланып кагаз бетине төгүлүптүр…  Ал жерде үмүтү да, үшкүрүгү да аралашкан:

«Эл ичинде шамал менен ыргалдык,

Эски ырлардын обонундай ырдалдык.

Эбин тапкан эки жеген заманда…

Чындык!- дедик. Чыркырадык… кур калдык!

Мыйзам койгон чийининен чыкпадык,

Жаманынан жакшысына ыктадык.

Тоону кесип, ташын сатса шылуундар!

Борчугунда үн чыгарбай уктадык…

«Акчакулдар” Ээсин билбей эсирээр.

— Кайда качат?

— “Акыреттен кезигээр”!

Келечек – деп, үмүт артат баары эле…

Бизден чыкпай калса Кудай кечирээр

Бул саптарында аламанга кошулам деген эстүү жаштардын улуу максат, улуу ойлору көп нерсенин кыймылдаткычы болуп бараткан байлык, мансаптын тепсендисинде калып баратканына кейийт:

Дагы бир ыры да эмнени айтып турат:

«Биз чечкиндуу боло албадык чамынып,

Аламанга кошулбадык чабылып.

Улуу максат, улуу ойлор биздеги,

Көр-тирилик тузагына чалынып.

Ашам деген тоону, кырды, белести

Жаштар чыккан ошол кезде эң эстүү.

Билдик баары акчалуунун колунда,

Мунун арты «Акыр заман» эмеспи?»

Эми Элдардын поэзия дүйнөсү, жандүйнөсү өзүнчө узун кеп. Жетишкендиктери да бир топ. Учкай токтолсок, 2001-жылы Ата Мекен, Эне темасындагы Республикалык ырлар жарышынын жеңүүчүсү; 2003-жылы Эл аралык Айтматов фонду уюштурган Дебют – I чыгармачылык сынагынын лауреаты болгон. 2007-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алдындагы Коомдук билимдер институтунда “Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларындагы таалим-тарбия идеялары” деген темада магистрдик диссертациясын жактаган. Жогорку билимдүү. БГУнун Маалымат, социалдык кызмат жана психология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Билим берүү министрлигинде эмгектенген.

Үй-бүлө куруп, үч баланын атасы болуп калган Элдарды студент кезинен жакшы тааныйм. Баягы-баягы жөнөкөй, ыймандуу, кеӊ пейил, жүзү жарык, калыс, жаман иштерден алыс жүрчү Элдар менен ошол калыбында кайрадан көрүштүм. Арадан 20 жыл өтсө да ошол кездеги тазалыгын, адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн сактап калыптыр. Кыргыз баласынын парзы да деп, 15-сентябрда, Мелис байкебиздин каза болгон күнүндө кайын агама, жолдошум Эрнис Асек уулуна куран окутуп үйгө келиптир. Чыны күткөн эмесмин, унутпай куран окутуп келгенине ичим жылыды. Жакшы адам менен баарлашуу тунук булак суусун ичкендей сезим калтырат эмеспи. Элдардын кеп-сөздөрү ошондой эле болду.

«Жакшы адамдар эрте кетет турбайбы. Боору бүтүн киши жок, эже. Сизге канчалык оор болуп жатканын сезип, туюп турам. Себеби, жоготуу дартын жакшы билем. Апамдан айрылганда көп жыл сагыныч, кусалык оорусу менен оорудум. Куран окуй берип аны жеӊдим. Жеӊдим дегеним унутуу эмес, жеӊилдөө. Куран окуган сайын, аманатын аткарган сайын жеӊилдей бересиӊ. Курандан башка арга жок. Суу ичсеӊиз да куран окуй бериӊиз, жеӊилдеп каласыз», — дейт  Элдар иним.

Айтылуу «Асабаны», ал гезит узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткидей дүӊгүрөп чыккан мезгилди эске түшүрдүк. Элдар иним буларды баян кылды: «Мелис, Эрнис Эшимкановдорду биз «Асабадан» билдик. Ал гезит аркылуу канча деген адам таанылды. Аларды мурунку муун деле айтып жатпайбы. Бүгүн эле акын эжекебиз Алтынай Темированын эскерүүсүн сиздердин «Алакан» сайтынан окудум. Айтмакчы, «Алакан» деп Эрнис байке атаган турбайбы, ээ. Жакшы атаптыр. Ушул «Алаканга» Алтынай эже абдан жакшы жазыптыр. Туурасын айтыптыр. Мурунку-кийинки журналисттердин чоӊ тобу «Асабадан» таанылды да. Не деген акын, жазуучу, саясатчы, журналисттин аты-жөнүн ушул гезиттен тааныдык. Окулбаган гезиттерге чыгышса окулбай эле калып кетишмек. Ага-ини Мелис байке, Эрнис байке мыктынын мыктысы, гений болушчу. Мыкты жазышчу. Эрнис байкенин «Записки от скуки» деп жазганын канча окудум. Ырлары да тереӊ философиялуу, жеӊил, үстүрт караган кишинин оӊой менен тиши өтпөйт. «Сагындым» деген эле ырын алалычы:

 «Тирүү туруп, өлүк болдум канча ирет?

А жүрөгүм тирилбестей сезилет.

Кантип эми жалынамын Теңирге,

 Көз ирмемдик өмүр мага берчи деп.

 

Өлүк туруп, тирүү болдум канча ирет?

А жүрөгүм түбөлүктөй сезилет.

Кантип эми жалынамын Теңирге,

Көз ирмемдик өлүм мага берчи деп.

 

Билбейм не деп мен Кудайга жалындым,

Билбейм кандай… өрт… дүйнөгө кабылдым.

Бир билгеним: буркан-шаркан түшүргөн,

Өмүр сени, өлүм сени сагындым»

Түпкүрүн түшүнүп, жөн сөз менен түшүндүрүп бере албайсыӊ. Жалпак тил менен айтканда, ооруп жатканда Кудайга жалынып өмүр тилейбиз, жандүйнөӊ кыйналганда өлүмдү каалап калышыӊ мүмкүн дешибиз мүмкүн. Бирок, бул түшүндүрүү жетишсиз да, ырга ошол ырга тете бийиктиктен караш керек, ошол бийиктиктен карап чечмелеш керек. Ал колдон келбейт, эже»…

Элдарды угуп отуруп, Эрнисимдин ырын жатка айтып, ырынын түпкүрүнө сүӊгүп  түшүнгөнүнө ыраазы болдум. Дегеним, Эрнисим өзү айтып калды эле, «Бул ырымды көп түшүнүшпөйт, атүгүл эл акыны Шайлообек Дүйшеев да түшүнбөй, «Койчу эй, Эрнис, ушундай кантип ыр болсун? Өлүмдү кантип киши сагынсын?» деген» деп.

Кыскасы, Элдар иним саясатты такыр унутуп, келгенден кеткенче Мелис байке менен Эрнис тууралуу сүйлөп отурду. Китеп текчедеги тизилген китептерди карап, «Мынча китебиӊиз көп» деп кармалап көрүп жатканынан, «Булар байымдыкы» десем, «Ушунун баарын окуптурбу?» деп таӊгалып, «Ооба, бул чети эле. Дагы 4 коробка китеби бар» десем, баш чайкап унчукпай калды. Кетип баратып, «Таарыныч-капачылыктар болсо айтыӊыз, артыӊызда таластык инилериӊиз турат. Эрнис байкенин китебинин бирин  чыгарууга жардам беребиз» десе, байымдын эмгектери эртерээк жарык көрүп элге жетсе деген изги тилегиме үмүт жангандай болду. Китеби чыгып колума кармап калгандай сүйүндүм…

Эмне дейм, Элдар иним, адамдык мыкты сапаттарыӊ 20 жыл аралыгында жоголбоптур. Өмүр бою ушундай калаарыӊа ишенимим дагы бекемделди. Адамгерчилигиӊден жазба, эки гений бир туугандардын арбагы ыраазы болсун! Кудай колдосун! Саясатка аттаныпсыӊ, аягы ийгилик менен аяктасын! Бар бол, иним!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.