Шайлоочуларды биометрикалык каттоо бүгүн токтотулат. Шайлоочу, өзүӊдү тизмеден тактап кал!

Шайлоочуларды биометрикалык каттоо бүгүн токтотулат. Шайлоочу, өзүӊдү тизмеден тактап кал!

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тээ 6-июлда тараткан маалымат боюнча, мамлекеттик https://tizme.gov.kg/ сайтында шайлоочулардын баштапкы тизмеси добуш берүүгө 80 күн калганда, тагырагы, 16-июлда жарыяланмак; шайлоого 70 күн калганда аймактык шайлоо комиссияларында илинмек. Ал иштер кылынган. Ага ылайык, 26-июлдан 20-сентябрга чейин ар бир шайлоочу өзүн тизмеден тактап, кааласа, өз ыӊгайына карап, арыз берип добуш берген шайлоо участогун алмаштыра алмак, кокус тизмеде жок болуп чыкса, аймактык шайлоо комиссияларына кайрылып тактаганга укуктуу болчу.

Шайлоочулардын саны 13-сентябрга карата 3 млн. 465 миӊ 111 деп БШК сайтында илинип турат. Жана шайлоочуларды биометрикалык каттоодон өткөрүү бүгүн, 19-сентябрда токтотулат. Бул ишти 14-сентябрдан бери жасап жаткан Калкты тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын кечки саат 20:00гө чейин кабыл алат. Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын акыркы тизмесин БШКга 1-октябрда жиберет.

Демек, бүгүн, 19-сентябрь — биометрикалык маалыматтарды тапшыруунун акыркы күнү. Кабыл алынчу даректер төмөндөгүдөй:

Бишкек шаары:  Нуркамал к. 29; Чолпон-Ата к., 2б;  Жаш Гвардия, 4; Ауэзов к., 1/5; Садырбаев көчөсү, 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет); Т.Молдо, 21 (Фрунзе көчөсү менен кесилишет).

Чүй облусу: Шопоков ш., Машиностроительная к., 1

Ысык-Көл облусу: Каракол ш., Гебзе к., 124

Нарын облусу: Нарын ш., Токтосунов к., 24.

Талас облусу: Талас ш., Дзержинский к., 28

Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад ш,. Барпы Сейил, 220; Базар-Коргон ш., Курбанов к., 1

Ош облусу:  Ош ш. Ленин к., 318;  Ош ш. Раззаков к., 2; Өзгөн р. Ленин к., 115

Баткен облусу: Баткен ш. Мурат Салихов к., 41; Кызыл-Кыя ш. Маяковский к.

Баарыбыз билгендей, 4-октябрдагы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого жашы 18ге толгон, биометрикалык каттоодон өткөн бардык кыргызстандык жарандар гана катыша алышат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.