Аравандагы жаӊжал боюнча «Биримдик», «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери суракка чакырылды

Аравандагы жаӊжал боюнча «Биримдик», «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери суракка чакырылды

Аравандагы мушташтан кийин “Биримдик” партиясынан талапкер Шукурулло Файзуллаев менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Илхом Маннанов милицияга суракка күбө катары чакырылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы бүгүн, 21-сентябрда билдирди.

Айтымында, Файзуллаев, Маннановдон тышкары суракка 30га жакын адам чакырылган; 3 киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мушташта жаракат алган 12 адам ооруканада.

Эске сала кетсек, кечээ, 20-сентябрда кечке маал Ош облусундагы Араван районуна караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чыккан чатак, мушташ тартылган тасма интернетке тараган. Ал окуя тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев 12 киши ар кандай жаракат алып, бир адамдын абалы оор экенин билдирген. Бул окуя боюнча премьер-министр Кубатбек Боронов чатак чыгаргандар тез арада жоопко тартылсын деп билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрда башталган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.