Аскер прокуратурасы Сурабалдиеваны суракка чакырды. Эмнеге?

Аскер прокуратурасы Сурабалдиеваны суракка чакырды. Эмнеге?

ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Элвира Сурабалдиева күбө катары Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 21-сентябрда билдирди.

Алардын айтымында, чакыруу Э.Сурабалдиеванын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштуу эмес. Болгону К.Асановдун иши боюнча күбө катары көрсөтмө берүү үчүн сотко келүү билдирмесин 17-сентябрда тийиштүү дарекке жиберишкен. Бирок, Сурабалдиева кечээ, 20-сентябрда эч кандай расмий чакыруу албаганын  билдирип чыкты.

Эскерте кетсек, Курсан Асановду кызматтан, былтыр, 13-августта, ал кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алган. Кызматтан алынышына ага коюлган айып себеп болгон. Тагырагы, ИИМдин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милиция кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деген чечим чыгарган. Бирок К.Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, актыгын далилдөө аракетин кылып келет.

Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Асановго козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Салима  ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.