Мектеп директорунун сөөгү ажатканада асылган абалда табылды

Мектеп директорунун сөөгү ажатканада асылган абалда табылды

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Китаб районундагы мектептердин биринин директору окуу жайдагы ажатканада асылган абалда табылган. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 47 жаштагы директор өзүнө-өзү кол салган. Кашкадарыя облустук прокуратурасынын айтымында, маркум өлөр алдында үч кат жазып кеткен. Анын биринде мугалимдерден, кандай гана жагдай болбосун, коррупцияга жол бербөөнү суранганы жазылган.

Бирок, териштирүү учурунда, маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизадан качып, «өз жанын өзү кыйган жок», «жүрөк оорусунан өлдү» деп чыгышкан. Учурда  териштирүү жүрүүдө. Билим берүү министрлигинин райондук бөлүмүнүн, райондук ички иштер башкармалыгынын жана үй-бүлөнү колдоо борборунун райондук бөлүмүнүн жетекчилери суралууда…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.