«Шоопур» атыккан Илмияновдун жүрөгү кармап, ооруканага түштү…

«Шоопур» атыккан Илмияновдун жүрөгү кармап, ооруканага түштү…

«Шоопур» атыккан Икрамжан Илмиянов учурда ооруканада дарыланууда. Бул маалыматты бүгүн, 21-сентябрда ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, Илмиянов азыр Бишкектеги кардиология бөлүмүндө, ал ооруканага стационардык дарылануу үчүн жаткырылган.

Эске сала кетсек, экс-президент А.Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири, “Шоопур” лакап аты менен белгилүү  И.Илмиянов Атамбаевдин бийлигинде кызматтан кызматка (2011-жылдан 2017-жылга чейин президенттин аппарат башчысынын орун басары, анан кеңешчиси) көтөрүлгөн, атүгүл «Манас» ордени менен сыйланган. Кызматынан кол жууган соң Кыргызстандан качып кеткен. 2018-жылдын 19-октябрында эл аралык издөө жарыяланып, сот чечими менен 48 саат ичинде Москвадан табылып, тергөө абагына алынып келинген. Анын иши Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда каралып, «2017-жылдагы президенттик шайлоодо “Дизель коплект” ЖЧКсынан сыйлык жана демөөрчүлүк үчүн 150 миң доллар алган» деген айып тагылып, 7 жылга кесилген. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, мунапыс берген. ЖАМКнын атайын комиссиясынын чечими менен жазасын өтөө үчүн Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка которулган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.