Видео — Кубатбек БОРОНОВ: «Араванда жаӊжал чыгаргандар жоопко тартылсын!» 

Видео — Кубатбек БОРОНОВ: «Араванда жаӊжал чыгаргандар жоопко тартылсын!» 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Араван айылында жаӊжал чыгаргандарды жоопко тартуу керектигин баса белгиледи деп бүгүн, 21-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, Кубатбек Боронов эки партия («Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» — ред.) өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжалды тез арада иликтөөнү ИИМ жетекчилигине тапшырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген.

Эске сала кетсек, кечээ, 20-сентябрда кечке маал Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт иштерин жүргүзүп жатканда чатак чыккан. Мушташ тартылган тасма социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууну жараткан…

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, 12 киши ар кандай жаракат алган, бир адамдын абалы оор. Жаңжалда беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуянын чоо-жайын иликтеп териштирүүдө.

«Азаттыктын» видеосун төмөндөн көрүӊүздөр!

One thought on “Видео — Кубатбек БОРОНОВ: «Араванда жаӊжал чыгаргандар жоопко тартылсын!» 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.