Талапкер Айтмамат Назаров «Кыргызстандан» чыгарылдыбы?

Талапкер Айтмамат Назаров «Кыргызстандан» чыгарылдыбы?

“Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер Айтмамат Назаров тизмеден чыкты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, ал өзү арыз жазган.

Айтмамат Назаров буга чейин «Улуттук энергохолдингди» жетектеген. Ал кызматын өткөрүп бергенине карабай, энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышкан. Сүйлөгөн сөзү телеканалдарга тарап кетип, башка партиянын тарапташтары нааразы болуп, шайлоо учурундагы үгүт тартибин бузганы боюнча анын үстүнөн БШКга арызданышкан. БШКнын жумушчу тобу 20-сентябрда арызды караган, бирок, жыйынга ал келген эмес.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрда башталган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.