Москвада көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды…

Москвада көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды…

Бүгүн, 27-сентябрда Орусиянын Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу «Азаттык» Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине шилтеме берүү менен билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилген. Каза болгондор жок. Кыргызстандын элчилигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүп, жабыркагандарга материалдык компенсация өндүрүп берүү үчүн ошол жерге барышты.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, «ФМ Сидорово» ишканасында Кыргызстандын 169 жараны иштеп жаткан. Алардын эч кимисинде медициналык жана башка камсыздандыруусу болбогону айтылууда.

Маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун жеке көзөмөлүндө турганын элчиликтин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.