Сооронкулова Матраимов менен жолукканын танган жок. Экөө эмнелерди сүйлөшкөн?

Сооронкулова Матраимов менен жолукканын танган жок. Экөө эмнелерди сүйлөшкөн?

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова кечээ, 29-сентябрда, «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, Райымбек Матраимов менен жолукканы тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ал Матраимов менен журналист Элнура Алканова аркылуу интервью алуу тууралуу сүйлөшүү үчүн жолукканын айткан. Ага суроо да узаткан. «“Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин шайлоого кантип чыгасыңар?” десе, ал “Мен абдан тазамын” деп жооп берген.

Клара айымдын айтуусунда, Матраимов шайлоого чогуу барууну сунуштаган,  ал баш тартып койгон. Бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды: «Калайык калк, менин Раим менен жолугушуум жөнүндө ар нерсени ойдон чыгарып, божомолдобогула! Бул жолугушуу тууралуу партиянын бардык адамдары көптөн бери билишет. Эгерде мен анын сунушун кабыл алсам, балким, кечээ дебатта Бакировдун ордунда турмакмын. Мен «Реформаны» колдойм, ушу менен баары айтылып турат«.

Эске сала кетсек, Клара Сооронкулова 28-сентябрда Коомдук телеканалдагы дебатка чыгып, анда Райымбек Матраимов менен былтыр жолукканын айткан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.