«»Биримдик» партиясына административдик кысым болду» дейт го Зулпукаров. Ишенесизби?

 «»Биримдик» партиясына административдик кысым болду» дейт го Зулпукаров. Ишенесизби?

Парламенттик шайлоодо көп добуш менен алдыда келаткан «Биримдик» партиясындагы талапкерлердин бири Төрөбай Зулпукаров 4-октябрдагы шайлоодо утуп чыгарларына ишенгенин «Азаттыкка» айтыптыр. Андан да ал добуш берүүдө алардын партиясына каршы административдик кысым колдонулганын кошумчалаптыр. Андай «адилетсиздик» Таласта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында байкалган имиш. «Биздин партиянын өкүлдөрү административдик кысымга байланыштуу акт түзүп, шайлоо комиссияларына беришти. Эми ага кандай мамиле болот, көрөбүз. Мыйзам бузууну мыйзам чегинде чечиш керек» дептир…

Каап, «административдик кысым» болбогондо, Кадамжайдын добушун толук алгандай Жогорку Кеңештин 120 мандатын баарын алышмак экен да! …

Анткен менен, эске сала кетсек, БШК маалыматы боюнча 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы эң көп (24,5%) добушка ээ болгон. Андан кийинки орундарды 3 партия: «Мекеним Кыргызстан» (23,9%), «Кыргызстан» (8,7%), «Бүтүн Кыргызстан» (7,0%) ээлеп, жети пайыздык босогодон өтүштү деп маалымдалган.

Ал эми шайлоодо ат салышкан «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа», «Замандаш», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат» саясий партиялары шайлоо жыйынтыктарын таанышпай тургандыктарын билдиришти жана «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа» жана «Замандаш» партиялары бир саясий блок болуп биригишти. Алар борбордук аянтка нааразычылык акциясына чыккан эл алдына келип, шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышарын, талаптар аткарылмайынча аянттан кетпей тургандыктарын да айтышты…

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да шайлоо ыплас өткөнүн айткан. Анын далилдерин бул жердеги ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.