ЖЭЭНБЕКОВ: «Бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүүсү үчүн бирдей шарттар түзүлдү»

ЖЭЭНБЕКОВ: «Бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүүсү үчүн бирдей шарттар түзүлдү»

Бүгүн, 5-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоонун өтүшүнө мониторинг кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана ТМКК эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушуп, ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы өлкөдө бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүүсү үчүн бирдей шарттар түзүлгөнүн айтты, Өкмөт менен БШКнын уюшкан жана масштабдуу ишин белгилеп, пандемия шартында жарандар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, БШКнын баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. БШК айтымында, шайлоо таза өттү. Бирок басымдуу эл пикиринде шайлоо таза өткөн жок, өтө ыплас өттү. Нааразы болгон эл ушул пикирде эртеден бери Ала-Тоо аянтында кылкылдап турат. Ал жерге 9 партиядан («Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш», Социал-демократтар, «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Ордо») өкүлдөр келип, шайлоо жыйынтыгын таанышпай тургандыктарын жана аны жокко чыгарууну талап кылышууда.

Аянтта манас айтылып, кылкылдаган калк: «Улутум — кыргыз, урааным — Манас» деп кыйкырышууда. Ал эми Ак үй алдына, артына милициялар чогулууда …

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ЖЭЭНБЕКОВ: «Бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүүсү үчүн бирдей шарттар түзүлдү»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.