Адилет СУЛТАНАЛИЕВ: «Кайра шайлоо болсо, «Биримдик» партиясы катышууга даяр»

Адилет СУЛТАНАЛИЕВ: «Кайра шайлоо болсо, «Биримдик» партиясы катышууга даяр»

Эл нааразычылыгын жараткан шайлоодо 7%дык босогодон өттү делип, добушту «өзгөчө» көп алган «Биримдик» саясий партиясы Жогорку Кеңешке шайлоо кайра жарыяланса, катышууга даярдыгын билдирип, бул кадамга 7%дык босогодон өткөн башка партияларды да чакырып кеткен. Тагырагы, бул куш кабарды аталган партиянын маалымат катчысы Адилет Султаналиев орус тилинде Twitter баракчасында калтырган: «Политическая партия «Биримдик» готова пойти на повторные выборы депутатов Жогорку Кенеша в случае их объявления. «Биримдик» призывает к этому и другие партии, преодолевшие 7% барьер».
Эске сала кетсек, БШК маалыматы боюнча 4-октябрдагы шайлоодо 7%дык босогодон өттү делип төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары аныкталган. БШК тастыктоосунда шайлоо абдан таза, ачык-айкын өткөн. Ал эми элдин айтымында, таза өткөн жок, ыплас өттү. Нааразы болгон эл Ала-Тоо аянтына жыйналып, ал жерге 12 партиядан («Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш», Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Ордо», «Ыйман нуру», «Мекенчил», «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери»)  өкүлдөр келип, шайлоо жыйынтыгын таанышпай тургандыктарын жана аны жокко чыгарууну талап кылып, аянттан эч кайда кетпей тургандыктарын билдиришкен. Бирок, милиция күч менен элди таратууга өтүп, ал иш-чара учурунда жабыркагандар саны 122ге (кырктайы милиция кызматкерлери, бири медик) жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирген эле.

Айтмакчы, жарадар болгондор арасында «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев бар деп «Азаттык», «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темир Асанбеков жаракат алды деп «Вести» маалымат булактары жазып чыкты.

Бүгүн, 6-октябрда, таңкы саат 09.00дө президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан партиялардын лидерлери менен жолугат. Толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.