Бүгүн президент 16 партиянын лидерлери менен жолугушат

Бүгүн президент 16 партиянын лидерлери менен жолугушат

Бүгүн, 6-октябрда, эртең мененки саат 09.00дө президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан партиялардын лидерлери менен жолугат. Жолугушууга 16 партиянын лидерлери чакырылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда кечке маал жолугушуу саат 11:00гө белгиленгени айтылган.

Эске сала кетсек, БШК маалыматы боюнча 4-октябрдагы шайлоодо 7%дык босогодон өттү делип төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары аныкталган. БШК тастыктоосунда шайлоо абдан таза, ачык-айкын өткөн. Ал эми элдин айтымында, таза өткөн жок, ыплас өттү. Нааразы болгон эл Ала-Тоо аянтына жыйналып, ал жерге 12 партиядан («Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш», Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Ордо», «Ыйман нуру», «Мекенчил», «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери»)  өкүлдөр келип, шайлоо жыйынтыгын таанышпай тургандыктарын жана аны жокко чыгарууну талап кылып, аянттан эч кайда кетпей тургандыктарын билдиришкен. Бирок, милиция күч менен элди таратууга өтүп, ал иш-чара учурунда жабыркагандар саны 122ге (кырктайы милиция кызматкерлери, бири медик) жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирген эле.

Айтмакчы, жарадар болгондор арасында «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев бар деп «Азаттык», «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темир Асанбеков жаракат алды деп «Вести» маалымат булактары жазып чыкты.

Ал эми кечээ президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоонун өтүшүнө мониторинг кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана ТМКК эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушууда «өлкөдө бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүүсү үчүн бирдей шарттар түзүлгөнүн» айткан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

4 thoughts on “Бүгүн президент 16 партиянын лидерлери менен жолугушат

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.