Митингде жаракат алгандардын бири каза болду. 13 адам оор абалда реанимацияда…

Митингде жаракат алгандардын бири каза болду. 13 адам оор абалда реанимацияда…

Бүгүн, 6-октябрда, Ала-Тоо аянтындагы митингде оор жаракат алгандардын бири каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын эртең мененки саат 08.00дөгү маалыматына караганда, 590 киши ар түрдүү жаракат алган, 439уна биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн, 150 киши ооруканага, 13 киши оор абалда реанимацияга жаткырылган.

 

Эске сала кетсек, БШК маалыматы боюнча 4-октябрдагы шайлоодо 7%дык босогодон өттү делип төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары аныкталган. БШК тастыктоосунда шайлоо абдан таза, ачык-айкын өткөн. Ал эми элдин айтымында, таза өткөн жок, ыплас өттү. Нааразы болгон эл Ала-Тоо аянтына жыйналып, ал жерге 12 партиядан («Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш», Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Ордо», «Ыйман нуру», «Мекенчил», «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери»)  өкүлдөр келип, шайлоо жыйынтыгын таанышпай тургандыктарын жана аны жокко чыгарууну талап кылып, аянттан эч кайда кетпей тургандыктарын билдиришкен. Бирок, милиция күч менен элди Анттан тараткан. Түн бир оокумга чейин тирешүү болуп, арасында жарадар алгандар болгон. Митингчилер түнкү саат 03:30та Ак үйдү басып алып, кийин УКМК жетип, Алмаз Атамбаевди, Сапар Исаковду, Садыр Жапаровду, Равшан Жээнбековду абактан бошотушкан.

Бүгүн, 6-октябрда, эртең мененки саат 09.00дө президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышып, бирок 7%дык чектен өтпөй калган партиялардын лидерлери менен жолукмак.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.