Видео — Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду үйүнө жеткирди

Видео — Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду үйүнө жеткирди

Бүгүн, 6-октябрда, «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду үйүнө жеткирип, башына ак калпак кийгизди.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда башталган митингдер массалык башаламандык менен уланып, митингчилер УКМКга чейин кирип барып, атайын кызматтын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, экс-депутат Равшан Жээнбековду жана №27 колонияда отурган саясатчы Садыр Жапаров бошотушкан. Аянтка алып келинген Жапаров митингчилер алдында сөз сүйлөп, бардык маселелерди мыйзамдуу, легитимдүү жол менен чечүүгө, мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болууга чакырган. «Каракчылык, басып алуу жолу менен эч нерсе чечилбейт. Сабырдуу болуңуздар» деген менен, митингчилер ага макул болбой, аянттан тарабай коюшкан.

Эске сала кетсек, БШК маалыматы боюнча 4-октябрдагы шайлоодо 7%дык босогодон өттү делип төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары аныкталган. БШК тастыктоосунда шайлоо абдан таза, ачык-айкын өткөн. Ал эми элдин айтымында, таза өткөн жок, ыплас өттү. Нааразы болгон эл Ала-Тоо аянтына жыйналып, ал жерге 12 партиядан («Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш», Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Ордо», «Ыйман нуру», «Мекенчил», «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери»)  өкүлдөр келип, шайлоо жыйынтыгын таанышпай тургандыктарын жана аны жокко чыгарууну талап кылып, аянттан эч кайда кетпей тургандыктарын билдиришкен. Бирок, милиция күч менен элди таратууга өтүп, ал иш-чара учурунда жабыркагандар саны 122ге (кырктайы милиция кызматкерлери, бири медик) жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирген эле.

Бүгүн, 6-октябрда, эртең мененки саат 09.00дө президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан партиялардын лидерлери менен жолукмак.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылы андагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен камалган. Тагырагы, УКМК аны 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда чек арадан тосуп алып кармап кетишкен. 2017-жылы күзүндө атасы каза болуп, ага топурак сала албай калган. Андагы бийлик (Атамбаев) уруксат бербей койгон. Иши сотто каралып, 2018-жылы 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр, 2019-жылы Жогорку сот ишин карап, аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.