Курсан АСАНОВ: «Кашкар Жунушалиев качып кетиптир. Мен качпайм!»

Курсан АСАНОВ: «Кашкар Жунушалиев качып кетиптир. Мен качпайм!»

Бүгүн, 7-октябрда, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Курсан Асанов Өкмөт үйүнүн алдында (Эски аянтта) милиция кызматкерлери менен жолугушуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев кайда экенин сурашса, анын качып кеткенин, бирок, учурда кайда экенин билбей турганын, өзү болсо, андай болуп эч жакка качпастыгын,  ички иштер башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери эч бир аймакта алмашпастыгын, милиция мурдагы калыбында коомдук коопсуздукту, тартипти сактап иштей берерин билдирди.

Аянтта нааразылыгы токтой элек элден аны кызматка кайрылып келиши менен куттуктагандар, ага ишеним билдиргендер болду. Айрым жаштар «Люстрация болобу?» деп сурашты эле, сөзсүз болорун, азырынча чогуу коомдук тартипти камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, былтыр, 13-августта андагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. ИИМдин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деген чечим чыгарган. Ага Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып коюлуп, козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жаткан. Баш коргоо чарасы 2019-жылы 27-августта Биринчи май райондук сотунда каралып, 13-октябрга чейин үй камагына чыгарылган. Курсан Асанов өзү болсо, коюлган дооматтарды четке кагып, актыгын айтып келаткан.

Ошентип, милиция кызматкерлери, убактылуу болсо да, эски тааныш жаӊы жетекчи менен ишке киришти…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.