Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Анын кайда экени айтылды

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Анын кайда экени айтылды

КР Президент Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Россия келечеги үчүн болгон жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, көп улуттуу Россия элине болсо, тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

«Кыргыз Республикасында Кыргыз-Россия көп кырдуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон Сиздин чоң салымыңыз жана көңүл бурууңуз жогору бааланат.

Кыргызстан Россиянын эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого, кылымдар бою келаткан достук байланыштарына негизделген бекем жана туруктуу союздашы жана өнөктөшү болгон жана боло берет» деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкек шаарында экендигин президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева «Sputnik Кыргызстан» маалымат агенттигине билдирген.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия катышып, 4 партия өтүп, шайлоо жыйынтыгына нааразы калган 12 партиянын лидерлери жана тарапкерлери эртеси, 5-октябрда, Ала-Тоо аянтына жыйылып, добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Түн бир оокумга чейин милиция жана митингчилердин тирешүүсү болуп, 03.30да Ак үй  , кийин УКМК басып алынып, камакта отурган А.Атамбаев, А.Ибраимов, С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев жана С.Жапаров бошотулган. Кагылышууда жаракат алгандар көп болуп, 19 жаштагы Үмүтбек каза болгон.

Мындай башаламандыкка тынчсызданган президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда бардык күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырган кайрылуу жасаган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.