Темирбек АСАНБЕКОВ: «Садыр Жапаровдун бул кызматка келгенге моралдык акысы жок»

Темирбек АСАНБЕКОВ: «Садыр Жапаровдун бул кызматка келгенге моралдык акысы жок»

Бүгүн, 7-октябрда, «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Ыйман нуру», «Ордо» жана «Реформа» партиялары журналисттерге жыйын өткөрүп, алар түзгөн Элдик координациялык кеңеш өкмөт башчысы кызматына Садыр Жапаровдун көрсөтүлүшүнө каршы экендигин билдиришти.

«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Садыр Жапаровдун бул кызматка келгенге моралдык акысы жок деди:

«Садыр Жапаров 6-чакырылыштагы депутаттар менен тымызын чогулуп алып өзүн өкмөт башчылыкка көрсөттү. Булардын өкмөтүнө биз каршыбыз, эл каршы чыгат. Ошондуктан, биз аларга «Саясий принциптерди бузуп жатасыңар, токтоткула, элдин аң-сезимин адаштырып тополоңго алып барууну токтоткула!» деп талап кылдык. Биздин Координациялык кеңеш азыркы өкмөт иштей берсин, коопсуздукту сактап берсин деп сунуш кылып жатабыз«.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия катышып, 4 партия өтүп, шайлоо жыйынтыгына нааразы калган 12 партиянын лидерлери жана тарапкерлери эртеси, 5-октябрда, Ала-Тоо аянтына жыйылып, добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Түн бир оокумга чейин милиция жана митингчилердин тирешүүсү болуп, 03.30да Ак үй  , кийин УКМК басылып алынып, камакта отурган А.Атамбаев, А.Ибраимов, С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев жана С.Жапаров бошотулган. Кагылышууда жаракат алгандар көп болуп, 19 жаштагы Үмүтбек каза болгон.

Дагы белгилей кетчү нерсе, 6-октябрда 8 партия өзүнчө Координациялык кеңеш түзгөн. Ага «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров төрага болуп шайланган. Ал эми «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана анын, Садыр Жапаровдун тарапташтары «Достук» мейманканасына чогулган 62 депутаттын сессиясына катышкан. Анда ошол депутаттардын добушу менен жаӊы спикер (Мыктыбек Абдылдаев), жаӊы премьер-министр (Садыр Жапаров) шайланган. М.Абдылдаев мурдагы спикер Дастан Жумабеков менен премьер-министр Кубатбек Боронов өз арыздарынын негизинде кызматтан кетишкендиктерин айткан. Бул жыйындан кийин Садыр Жапаров КТРКга барып элге кайрылуу жасаган. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүӊүз:

Кошумчалай кетсек, Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылы андагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен камалган. Тагырагы, УКМК аны 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда чек арадан тосуп алып кармап кетишкен. 2017-жылы күзүндө атасы каза болуп, ага топурак сала албай калган. Андагы бийлик (Атамбаев) уруксат бербей койгон. Иши сотто каралып, 2018-жылы 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр, 2019-жылы, Жогорку сот ишин карап, аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Темирбек АСАНБЕКОВ: «Садыр Жапаровдун бул кызматка келгенге моралдык акысы жок»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.