УКМК: «Матраимов чек арадан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды»

УКМК: «Матраимов чек арадан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды»

Бүгүн, 7-октябрда, кечке маал Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана анын туугандары (анын уулу, жээни жана жеке күзөтчүсү) Өзбекстан аймагынан кармалды. Мындай маалыматты УКМК билдирди. Алардын айтымында, алар кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндө колго түшкөн. Алар жакын арада Кыргызстанга өткөрүлөт.

Тилек Матраимов тууралуу учкай айтсак, ал 8 жылдан бери Кара-Сууда акимдик кызматта иштеп келет.  Жогорку Кеңеш депутаты Искендер Матраимов менен Мамлекеттик бажы кызматы төрагасынын мурдагы орун басары даӊазалуу Райымбек Матраимовдун иниси.

Айтмакчы, учурдагы өлкөдөгү туруксуз абалга себепкер нааразылыкты жараткан «жеңүүчү» партиялардын бири «Мекеним Кыргызстанды» парламенттик шайлоого Матраимовдор алып чыккан делет. Жана бул партия парламентте көп орунду мээлеп, ал үчүн «багаждагы» бардык «аракетти, каражатты» салышкандыгы, «Биримдиктен» ат чабым узап кете жаздап токтогону айтылып да, жазылып да жатты…

Айтор, “Кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп, олуттуу мыйзам бузууларга жол берилип, аянттагы эл бийликтин ээсин оодаргандан кийин БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган эле. Анткен менен Матраимовдор караанын азыркы олку-солку абалдан пайдалангысы келген күчтөр артынан көрүп жатабыз дегендер болууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.