Видео — Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Эртеӊ чечүүчү күн. Эртеӊден баштап бир желек алдында топтолобуз»

Видео — Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Эртеӊ чечүүчү күн. Эртеӊден баштап бир желек алдында топтолобуз»

Бүгүн, 7-октябрда, түнкү саат 01:25те Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Түркиядан Ошко учуп келди. Аны кылкылдаган эл Ош шаарынын борбордук аянтында президентти тоскондой сый-урмат менен тосуп алышты. Ал алгач кечигип күттүрүп койгон элге таазим кылып, кечирим сурады. Ушунчалык толкунданып жатканын, Алла Талаанын амири менен 6 жылдан кийин Кыргызстанга кайрылып келгенин айтты. Элди чагымчылыкка алдырбоого чакырды. Сөзүнүн аягында: «Чимкириктерге жол бербейбиз! Эми башкача иш башталат. Ууру-кескилерди кустурабыз. Эртеӊ бир ышкырык менен чогулгула, Бишкектегилерге талап коебуз, аны аткартабыз! УКМК башына Өмүрбек Суваналиев келди. Ал эч качан сатылган эмес жана сатылбайт. Азыр эс алыныздар!» деди.
Айтор, анын айткандарын муюп уккан эл башында кандай тосуп алса, ошондой узатып коюшту.

Түз эфирге «Азаттык» чагылдырууда. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүнүз:

Эске сала кетсек,  Мелис Мырзакматовго 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон. Мырзакматов кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келаткан.

Шайлоонун шайтан оюну шайды оодарды…

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо БШК 7 пайыздык босогодон өттү деп төрт («Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан») партияны атаган. БШК тастыктоосунда шайлоо абдан таза, ачык-айкын өткөн. Ал эми элдин айтымында, таза өткөн жок, ыплас өттү.

Нааразы болгон эл эртеси, 5-октябрда Ала-Тоо аянтына жыйналып, ал жерге 12 партиядан («Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш», Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Ордо», «Ыйман нуру», «Мекенчил», «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери»)  өкүлдөр келип, шайлоо жыйынтыгын таанышпай тургандыктарын жана аны жокко чыгарууну талап кылып, аянттан эч кайда кетпей тургандыктарын билдиришкен. Бирок, милиция аларды күч менен Аянттан тараткан. Түн бир оокумга чейин тирешүү болуп, арасында оор-жеңил жаракат алгандар болгон. Митингчилер түнкү саат 03:30та Ак үйдү басып алып, Алмаз Атамбаевди, Сапар Исаковду, Садыр Жапаровду, Равшан Жээнбековду, Албек Ибраимовду, Икрам Илмияновду, Жантөрө Сатыбалдиевди абактан бошотушкан.

Шайлоонун шайтан оюну ушундай акыбалга алып келген…

Спикер менен премьер-министр кызматтан кетишти…

6-октябрда эртең менен президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, эски депутат Асылбек Жээнбеков элге кайрылуу жасап, чагымчылдыкка алдырбоого чакырышты. БШК болсо, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарды. Жогорку Кеңеш депутаттары “Достук” мейманканасында кезексиз жыйынга чогулуп, сессия өткөрүштү. Анда спикер Дастан Жумабеков арыз жазып кызматтан кетип, ордуна депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Абдылдаев премьер-министр Кубатбек Боронов да арыз жазып кеткенин айтып чыкты. Анын ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүп, депутаттар бир добуштан колдоп беришти…

Аянтта болсо, катары калың айрым жаштар люстрацияны талап кылып турушту…

Эмнеси болсо да, эң башкысы, Мекенибизди калчаган олку-солку абал токтоп, оң-сол, түндүк-түштүк дебей, баары тынчтык жолу менен, эл кызыкчылыгы үчүн чечилип ЭЛ ҮМҮТҮ акталса экен…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Видео — Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Эртеӊ чечүүчү күн. Эртеӊден баштап бир желек алдында топтолобуз»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.