ВИДЕО — Рыскелди МОМБЕКОВ: «Бектерди кетирип, зектерди алып келүү үчүн революция жасадыкпы?»

ВИДЕО — Рыскелди МОМБЕКОВ: «Бектерди кетирип, зектерди алып келүү үчүн революция жасадыкпы?»

Бүгүн, 7-октябрда, кечке маал ЖК депутаттары чогулуп, учурдагы кырдаалды талкуулап, президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо, жаңы премьер-министрди шайлоо маселесин талкуулашууда…

Депутат Элвира Сурабалдиеванын айтымында, жыйынга 40 депутат катышууда. Алар: Мыктыбек Абдылдаев, Элвира Сурабалдиева, Асел Кодуранова, Абдывахап Нурбаев, Бахадыр Сулейманов, Дастан Бекешев, Максат Сабиров, Эмил Токтошев, Кенжебек Бокоев, Каныбек Иманалиев, Мирлан Жеенчороев, Наталья Никитенко, Альфия Самигуллина, Руслан Казакбаев, Анвар Артыков, Садык Шер-Нияз, Рада Туманбаева, Айнура Осмонова, Тынчтык Конушбаев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Айнура Аскарова ж.б.

Ар кыл кептер айтылып, айрыкча, Рыскелди Момбеков ачууланып: «Биз революцияны бектерди кетирип, зектерди алып келүү үчүн жасадыкпы? Ташиев ким? Садыр Жапаров ким? Калган депутаттар келсин, чогуу чечим кабыл алалы. Биз аларга эмнеге жалдырашыбыз керек? Депутатпы, кворумга келишсин! Коронавирус учурунда каникулга кетип калышат. Эми минтип келбей жатышат», — деп агынан жарылды.

Ал эми Элвира Сурабалдиева: «Эмне болуп жатканын эл билиши керек. Кворумга келбегендер Жээнбековду калсын деген депутаттар деп түшүнөм”, – деди.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.