Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Эл башы болом» дешет! Эскирген жамаачылар…»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Эл башы болом» дешет! Эскирген жамаачылар…»

4-октябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгынан кийинки нааразылык элди дале тынчыта элек. Ккалдайган калыӊ топ топурап азыр да Ала-Тоо аянтында жүрүшөт. Тарап-тарап болуп кагылышуу-тирешүүлөр улам кайталанып жатат. Шайлоодо 7%дык босого чектен өтпөй калган 12 партиянын лидерлери кечээ «бир муштум болуп бир турабыз» десе, бүгүн кызмат талашып, экиге, жетиге бөлүндү. Жаштар болсо, люстрацияны — эскилерден тазаланууну талап кылып Ала-Тоо аянтында. «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев эми өкмөт башчылыкка талапкер катары талпынып, айтор, айрым жерде кызмат талаш катуу жүрүп, бир жердин жетекчиси эки ирет алмашкан абалда турабыз. Бүгүн, 7-октябрда болсо, «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Ыйман нуру», «Ордо», «Реформа» партиялары алар түзгөн Элдик координациялык кеңеш өкмөт башчысы кызматына «шашылыш дайындалган» Садыр Жапаровдун талапкерлигине каршы деп маалымат жыйынын өткөрүштү.

«Коомдон жарака кетсе, акын жүрөгү аркылуу өтөт» дегендей, белгилүү котормочу, акын, журналист Жыргалбек Касаболот кыжаалат-өкүнүчүн, өкүтүн «Тажаганда» деген ырга айлантты. Акын кыйкырыгынан жаралган жапжаңы ырын окуп, ойлон, ойгон, окурманым, шайлоочум, замандашым, МЕКЕНДЕШИМ!

ТАЖАГАНДА
Килейген имаратка
Киргени Кадыр болду.
Талашкан кыргыздардын
Тапканы Садыр болду.
Дубалдан ашып келип
«Душкалар» кадр болду.
Убакыт уурусун жаап
Утканы Матр болду…
Кубанып жатса керек
Куугундан кутулгандар,
Кубулуп чыга келди
Кузгундай жутунгандар.
Кулкунун тыя албастан
Кумарга утулгандар,
Кудайдын атын сатып
Кускуча кутургандар.
«Эми эмне болот?» деген
Элимдин санаасы бар.
Эге элек талаасы бар.
Энтиккен калаасы бар.
Элирген байлатмалар
Этегин жаппай жүрүп
«Эл башы болом» дешет!
Эскирген жамаачылар…
Акыйкат сөздөн качып
Агыткан заарыңардан,
Көпкөндө зиркилдеген
Көздөгү чаарыңардан,
Отуз жыл оңолбогон
Окшутма даамыңардан
Талкалап салгыбыз бар,
Тажадык БААРЫҢАРДАН!
Акыры адам тургай
Ааламдын аягы бар.
Жеңишти жеңил көрсөң
Жей турган таягы бар.
Бизде эле шылуундарга
Бийликтин даяры бар.
Дарбыган элден кийин
Дагы эле баягылар,
Дагы эле баягылар,
Дагы эле баягылар…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.