Башкы прокуратура: «Имаратты эч ким басып алган жок, тоскоол жараткандар бар»

Башкы прокуратура: «Имаратты эч ким басып алган жок, тоскоол жараткандар бар»

Башкы прокуратуранын имаратын эч ким басып албаганы тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди. Алардын айтымында, башкы прокурордун эки орун басары жана кызматкерлери иш ордуларында иштеп жатат. Ал эми башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кайда экендиги белгисиз бойдон калууда…

Ошондой эле прокурорлордун ишине тоскоолдуктар болуп, прокуратура кызматкерлери имараттын мүлкүн, баалуу документтерди өз күчү менен кайтарып жатканын баса белгелип, аларга кол кабыш кылган ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди.

Жапыкеевди ыктыярчылар Башкы прокуратурага киргизбей койгон…

Белгилей кетсек, буга чейин «Чоң Казат» партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев баш башпрокурор болгонун, дароо эле президент Сооронбай Жээнбеков менен Матраимовдорго, мурдагы премьер-министр Абылгазиевге карата коррупция боюнча кылмыш иши козголгону, ал иштерди иликтөө Аскер прокуратурасына берилгени тууралуу билдирүү тараткан.

Сыймык Жапыкеев массалык акциялардан кийин, өзүн элдик башкы прокурор кылып дайындаганын партиялаштары кабарлаган. 8-октябрга караган түнү Башкы прокуратурага аны жандаган жигиттер менен барганда ыктыярчылар киргизбей койгону тууралуу видео Интернетке тараган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.