Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ: «Боронов арыз жазбаса, Садыр Жапаров кантип премьер болот?»

Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ: «Боронов арыз жазбаса, Садыр Жапаров кантип премьер болот?»

Бүгүн, 8-октябрда, кечке маал Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдында билдирүү жасады. Анда анын ишине саясатчылар тоскоол болуп жатканын айтып, бир топтордун атын атаган. Алардын арасында Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиевдин да аты аталган. Ал Садыр Жапаровдун айткандарына «Азаттыкка» комментарий бериптир

«УКМКны басып алды» деген билдирүү күлкү келерлик. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары мыйзамдуу түрдө стабилдүүлүк үчүн гана иштеп жатам. Мыйзамдуу түрдө стабилдештирүү боюнча аракет кылып атабыз. Саясатчыларга «биз силерге киришпейбиз, өзүңөр чечип алгыла» дегенбиз. Премьер-министр Боронов арыз жазбаса, кетпесе, Садыр Жапаров кантип премьер болот? Ак үйдө премьер-министр болом деп дагы 3-4 киши жүрөт.

Садыр ЖАПАРОВ: «Суваналиев УКМКны басып алган»

Садыр Жапаров Өмүрбек Суваналиев үч күндөн бери сүйлөшпөй жатканы боюнча мындай деген: «Бул жакка (Өкмөт үйү — авт.) кирип отурганыма бир саат болду. Бир сааттан кийин күзөтчүлөрүмдү, машинемди толук алып коюшту. Муну Суваналиев жасады. Ал УКМКны басып алган. Бул мыйзамсыз. Бүгүн мыйзамсыз башкарып отурат. Мен ага адамча айтып, түшүндүрөйүн десем, үч күндөн бери байланышка чыкпайт. Азыр дагы сүйлөшпөй койду».

УКМК: «Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарууда»

Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирген. Алардын айтымында, Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысы жок болгонуна байланыштуу бу милдетти аткарып жатат. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кайда экенин билбей турганын билдирген.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп 2019-жылы февралда дайындалган. Ал парламенттик шайлоого аттанганына байланыштуу кызматынан убактылуу кеткен. Мамлекеттик саясий кризис башталганда кызматына кайра кайтып келген.

Дагы бир нерсени белгилей кетсек, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган)  чогулуп жыйын өткөргөн. Анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Жыйын аягында Мыктыбек Абдылдаев Садыр Жапаров соттон толук акталгандыгын айтып, куттуктаган. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы айтылган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.