Жардыргычтан каза болгон Үмүтбек тууралуу Курсан Асанов эмне деди?

Жардыргычтан каза болгон Үмүтбек тууралуу Курсан Асанов эмне деди?

Бишкектеги митингдеги кагылышуудан каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун сөөгү бүгүн, 8-октябрда, тууган жеринде — Баткен облусундагы Лейлек районунун Кара-Булак айылында жерге берилди.

Эске сала кетсек,  5-октябрь түнү Ала-Тоо аянтындагы митингден кийинки башаламандыкта бир топ адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда, Үмүтбек буту катуу жанчылып олуттуу жаракат алып, көп узабай ооруканадан көз жумган.

Ата-эне, жакындарын кайгыга салып боздотуп кеткен Үмүтбек бир үйдүн жалгыз уулу болгон. 19 жашка эми-эми гана толгон экен. Ал, аттиӊ,«Күн техникасы» деп аталган жабдык жасап, ал табылгасын журналисттер менен бөлүшүп айтып берди эле… Келечегинен көптү үмүттөндүргөн азамат болуп жетилип келаткан…

Курсан Асанов Үмүтбек тууралуу эмне деди?

Ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов журналисттер менен жолугушуу учурунда берилген бир катар суроолор ичинде «Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмүнө ким жооп берет?» деген соболго да жооп берген эле. Курсан Асановдун айтканы боюнча, ал да жаш баланын каза болгонун угуп абдан кайгырган, жаш уландын өлүмү жөн калып калбайт, себепкер чоо-жайлар сөзсүз иликтенет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-октябрда, Курсан Асанов журналисттерге жыйын өткөрүп, андан кийин митингдеги кагылышууда жаракат алып ооруканада дарыланып жаткан бейтаптарга барып, ден соолугун сурап кайткан эле.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты он эки гүлүнүн бири ачыла электе, адилеттик табам деп барып аянттан катуу жабыркап, бейажал кеткен маркум Үмүтбектин ата-энесине, бир туугандарына, жакын туугандарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын теӊ бөлүшөт. Кайрат кылыӊыздар!

One thought on “Жардыргычтан каза болгон Үмүтбек тууралуу Курсан Асанов эмне деди?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.