Сабиржан АБДИКАРИМОВ, министр: «Башаламандыктар кесепетинен коронавирус тез жайылып баратат»

Сабиржан АБДИКАРИМОВ, министр: «Башаламандыктар кесепетинен коронавирус тез жайылып баратат»

Башаламандыктар айынан вирус күчөп баратканын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү, 8-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында, акыркы күндөрү өлкөдө ичинде орун алган башаламандыктар кесепетинен адамдар облустардан шаарга келип-кетип, жыйынтыгында, коронавирус тез жайылып баратат.

«Оорунун таркап кетүү коркунучу бар, анткени көпчүлүк санитардык нормаларды сактабай жатышат. Ошол эле учурда суук түштү, башка сасык тумоо оорулары да күчөөдө. Бардык жарандарды санитардык ченемдерди сактап, беткап кийип, зарыл болбосо, көчөгө чыкпай, антисептик колдонууга чакырам», — деди министр.

Министрдин маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны республика боюнча 48 миң 342 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 77
  • Ош — 13
  • Чүй облусу – 17
  • Ош облусу — 62
  • Талас облусу – 3
  • Нарын облусу — 2
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 44
  • Баткен облусу — 19

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.