Токаев менен Мирзиёев Кыргызстандагы окуяларды талкуулады

Токаев менен Мирзиёев Кыргызстандагы окуяларды талкуулады

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы соңку окуяларды талкуулашты.

Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы маалымат таратты. Алардын маалыматы боюнча, эки президент казак-өзбек мамилесинен сырткары Кыргызстандагы акыркы окуяларды талкуулап, учурдагы кырдаал Конституция негизинде тез арада калыбына келет деген ишенимин билдиришкен.

Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң өлкөбүздө саясий кризис жаралды. Добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен башталган митингдердин аягы митингчилер менен милициянын кагылышуу-тирешүүсү, Ак үйдү, УКМКны басып алуу, камакта отурган бир катар адамдарды бошотуу менен коштолуп, бүгүнкү күнгө нааразылык эпкини тынчый элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо, Бишкекте экени айтылганы менен, эл алдына чыга элек. Ал киши акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалап, азырынча катар-катар билдирүүлөр менен гана чектелип жатат. Алсак, буга чейин үч жолу элге кайрылып, сабырдуулукка чакырды… 

Үчүнчү жолку кайрылуусунун толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.