СТАМАЛИЕВА: «Президент импичмент маселесин талкуулоого, көзмө-көз сүйлөшүүгө даяр»

СТАМАЛИЕВА: «Президент импичмент маселесин талкуулоого, көзмө-көз сүйлөшүүгө даяр»

Бүгүн, 8-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков жаӊы спикер Мыктыбек Абдылдаев менен соңку кырдаалды телефон аркылуу талкуулады. Бул тууралуу президенттин жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматтары билдиришти.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, президент учурда болуп жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштыруу зарылчылыгы турганын, ошондуктан өкмөт курамында же башка органдардагы кадрдык өзгөрүүлөр болобу, жарлык жана парламент тарабынан сунушталчу расмий кагаздарга кол коюуга, сүйлөшүүлөргө даяр экенин баса белгилеген. Жана негизги ролду парламент төрагасынан көрөрүн, өлкөдөгү саясий кырдаалды укуктук талаага алып келгенден кийин гана импичмент маселесин талкуулоого, кырдаалды телефон аркылуу эмес, көзмө-көз сүйлөшүүгө даяр экендигин, ал үчүн бирдиктүү аянтча керектигин билдирген.

Ал эми спикер Мыктыбек Абдылдаев, кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам кароо керектигин, өлкөбүз күтүү режиминде жашай албай тургандыгын билдирген.

Толгонай Стамалиеванын айтымында, президент Сооронбай Шарипович учурда Бишкекте.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.