ЖОЛДУБАЕВА: » Эртең «Форумда» Атамбаев кырдаал тууралуу өз позициясын билдирет»

ЖОЛДУБАЕВА: » Эртең «Форумда» Атамбаев кырдаал тууралуу өз позициясын билдирет»

Эртең, 9-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү учурдагы кырдаал боюнча өз позициясын билдирет. Мындай маалыматты Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын айтымында, Алмаз Атамбаевдин катышуусунда эртең, саат 14.00дө «Медиа Форумдун» имаратында жолугушуу болот.

Белгилей кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия катышып, 4 партия өтүп, шайлоо жыйынтыгына нааразы калган 12 партиянын лидерлери жана тарапкерлери эртеси, 5-октябрда, Ала-Тоо аянтына жыйылып, добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Түн бир оокумга чейин милиция жана митингчилердин тирешүүсү болуп, 03.30да Ак үй  , кийин УКМК басылып алынып, камакта отурган А.Атамбаев, А.Ибраимов, С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев жана С.Жапаров бошотулган. Кагылышууда жаракат алгандар көп болуп, 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбек каза болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн, 8-октябрда жерге берилди.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жараат алган 175 адам ооруканага кайрылган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир нече оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. УКМКнын тергөө абагында камалган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.