Президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына барып, тапшырма берди

Президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына барып, тапшырма берди

Бүгүн, 9-октябрда, өлкө президенти, Башкы командачы Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында болуп, жаңы дайындалган жетекчи Таалайбек Өмүралиев менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулаган. Мамлекет башчысы учурдагы башкы милдет Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун жана коомдун тынчтыгын камсыздоо экендигин баса белгилеген.

Президент Сооронбай Жээнбеков сөзүн: «Бишкек шаарында бүгүн кечки саат 20.00дөн тартып өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Учурдагы кырдаалга жараша, биз тез арада абалды колго алып, тынчтыкты бекемдөөгө милдеттүүбүз. Шаарда кагылышууларды болтурбоо максатында өздүк курамды бронетехника менен алып чыгып, блокпостторду орнотуу зарыл. Шаар тургундары жана мекендештерибиз ар кандай саясий күчтөрдүн курмандыгы болуп калбашы керек. Ал үчүн мен, Мамлекет башчысы катары, конституциялык укуктарымдын негизинде болгон аракетти жасайм. Элдин тынч жашоосу, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга милдеттүүбуз. Өлкөнүн бардык акыл-эстүү күчтөрү мени колдойт деп ишенем» деп жыйынтыктаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.