Президент УКМК жетекчиси Опумбаевди кызматынан бошотту. Ордуна ким келди?

Президент УКМК жетекчиси Опумбаевди кызматынан бошотту. Ордуна ким келди?

Бүгүн, 9-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаевди кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Алардын айтымында, бошотуу жарлыгына президент кол койгон. Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, Орозбек Опумбаев бул кызматка 2019-жылдын июнь айында келген. Азырынча анын ордуна ким дайындалганы тууралуу маалымат жок.

Бирок…

Бүгүн, 9-октябрда, УКМКда Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиевдин катышуусунда жыйын өттү. Анда Опумбаевдин ордуна коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп биринчи орун басары Талант Салиев иш алып барары айтылды.

Кошумчалай кетсек, 56 жаштагы Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  төрагасы болуп былтыр июнь айында дайындалган. Ал бул кызматка чейин ал жерде жетекчинин орун басары болуп иштеп, паспорт, тендер чырына байланыштуу кызматтан кеткен Идрис Кадыркуловдун ордуна бир айдай төраганын милдетин аткаруучу болуп келип, анан төрага болуп дайындалган. Жаңы дайындалган учурда депутаттар анын кесипкөйлүгүн жогору баалашкан… Анан эле  Кой-Таштагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоодо УКМКнын ишке ашпай калган операциясы, подполковниктин өлүмү, атайы даярдыктагы аскерлердин барымтага алынышы, жарадар болушу ж.б. маселелер боюнча Опумбаевдин жоопкерчилиги Жогорку Кеӊештин жыйынында сөз болгон эле…

Ал эми Опумбаевдин ордуна УКМК төрагасынын милдетин аткармакчы болгон биринчи орун басар Талант Салиев боюнча тамчы эле маалымат  бар: 45 жашта. Жогорку билимдүү. ИИМ Академиясын бүтүргөн. 1997-жылдан бери улуттук коопсуздук тармагында ар кыл кызматта иштеп келет. Былтыр мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жаракат алганы маалым…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Президент УКМК жетекчиси Опумбаевди кызматынан бошотту. Ордуна ким келди?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.