Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансакчысынын абалы айтылды…

Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансакчысынын абалы айтылды…

«Ала-Тоо» аянтындагы митингде жаракат алган «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансакчысынын абалы тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди. Алардын айтымында, Улуттук госпиталга беш киши кайрылган, үчөөнүн абалы орточо, экөө амбулатордук түрдө дарыланууда. Токтагазиев менен жансакчы башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Токтогазиевдин башына таш тийсе, жансакчыны токмоктоп кетишкен. Абалдары орто.

Эске сала кетсек, «Ала-Тоо» аянтында Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары келип, митинг уюштурган. Садыр Жапаровдун тарапташтары келип жолтоо болгон. Эки тараптын тарапташтары тирешип, аягы мушташка айланган. Кагылышууда Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансанчы жаракат алып, Улуттук Госпиталга жеткирилгени маалымдалган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансакчысынын абалы айтылды…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.