УКМК: «Өзбекстан Тилек Матраимовду өткөрүп берди, ал камакка алынды»

УКМК: «Өзбекстан Тилек Матраимовду өткөрүп берди, ал камакка алынды»

Бүгүн, 9-октябрда Өзбекстандын чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимовду, Зиябиддинбек Кочкорбаевди, Махсуд Ахмедовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп берди. Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын убактылуу камак жайына киргизилди.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Алардын айтымына караганда, аталган үч жаранга Жазык кодексинин 358-беренеси боюнча (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү аракети) кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталды.

Эске сала кетсек, 6-октябрда Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев, Махсуд Ахмедов  Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Кыргызстанга өткөрүп берген үч жарандын бири Тилек Матраимов сегиз жылдан бери Кара-Суу районун башкарып келген. Парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткени жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси. Шайлоодо алдыга чыгып, 24% добуш алган «Мекеним Кыргызстан» партиясы Матраимовдорго тиешелүү экени маалым. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын акциясы массалык тополоңго айланып кеткенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Нази БАЯН кызы

One thought on “УКМК: «Өзбекстан Тилек Матраимовду өткөрүп берди, ал камакка алынды»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.